Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

"ЖҮРГҮЛӨ, МАЗАР –ШАРИФКЕ БАРАЛЫ"


Ооганстандын түндүгүндө жарым жылдан бери кыздар үчүн музыкалык мектеп иштеп жатат. Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу менен ишке киришкен окуу жайда азыр 18 кыз билим алууда. Программанын максаты – ооган аялдарынын коомдогу ролун көтөрмөлөө. Бирок Мазари-Шарифте молдолор кыздардын ырдап, музыкалык аспапта ойношуна Куран тыюу салат деп каршы чыгышууда.

Мындан бир нече жыл мурда Ооганстанда ырдап, бийлеген кыздарды таш бараңга алып өлтүрүшмөк. Бүгүн, талиб режими кулагандан беш жылдан кийин, оогандык кыз-келиндерге музыкалык мектепке кирип, окуганга мүмкүнчүлүк ачылып отурат.

Мазари-Шариф шаарындагы Нагашанд Көркөм өнөр галереясында бул кыздар паранжы жамынбастан, ырдап күлүп отурушат. Бул - Ооганстандагы кыздардын алгачкы музыкалык окуу жайы. Европа Комиссиясы бөлгөн 9 миң доллардык грантка мектепти Бириккен Улуттардын Ооганстандагы Жардам Миссиясы ачты. Алты ай мурда ишке кирген мектепти 25 жаштагы Масома Мазари башкарат. Анын айтымында, анын 18 окуучусу эркиндикке ээ болгонуна төбөлөрү көккө жетип турган чак:

-Музыка биздин жан-дүйнөбүзгө керек. Биз музыканы угуп, жарпыбыз жазылат, музыка аркылуу көз карашыбызды билдиребиз. Согушкандарды элдештиришибиз мүмкүн. Дегинкиси, ар бир адам ар кыл деңгээлде музыкага муктаж.

Бирок мектеп окуучуларынын эң жашы болгон 14 жаштагы Зохра Амири да музыкага болгон ынтаасы үчүн айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн акааратына туш болууда:

- Азыр бизге музыка ойноого тыюу бар. Биздин музыканы үйрөнүшүбүздү каалашпайт. Бул дагы деле тынчтык биротоло орной электигинен, өлкөдө эркиндиктин жоктугунан болуп жатат. Бирок биз келечекке үмүттөнөбүз, куда кааласа, музыка аркылуу биздин келечегибиз да оңолот.

Жаңы музыкалык мектепке кирген кыздардын бардыгы Иранда бир нече жылдап качкын болуп жашашкан. Иранда кыздардын ырдашына чектөөлөр болгону менен, толук тыюу салынган эмес. Амири менен Мазари ошол жакта төрөлүп өскөн. Ооганстанга келгенине 2 гана жыл болду. Миллиондогон башка ооган качкындарына окшоп, алардын турмуштук тажрыйбасы Ооганстандын эскичил динчил коомуна жанылануу алып келүүдө. Алардан айырмаланып, 20 жылдык согушта Ооганстанда кала берген кыз-келиндер мындай мектепке киргилери келбейт. Алардын бири Гүл Санам Мазари-Шарифте жашайт, ал дагы деле көчөгө чыкканда паранжы жамынып жүрөт:

-Кыздарга музыканын кереги жок. Биз мусулмандар Исламдын шарият мыйзамы боюнча музыка – мыйзамсыз экендигин билебиз.

Айткандай эле Гүл Санам сыяктуу Ооганстандан башка жакта болбогон бир кыз мектепке кирип, бирок бир нече жумадан кийин окуусун таштап кетти. Ал Кабулда өткөн сыналгы конкурсунда үчүнчү орунду алган, бирок Мазари-Шарифке кайтып келгенден кийин, бирөөлөр шылдыңдап, башкалары жекирип, коркутушкан экен. Шаардагы молдолор момун мусулмандарга кыздардын ырдаганы кылмыш деп үйрөтүшкөнүн эске алганда, кыздын мындай кысмыкка алынышын түшүнүү кыйын эмес.

Мазари-Шарифтин борбордук мечитинде Абас молдо куранды балдар менен кыздарга чогуу окутат. Талибдердин тушунда мындай нерсени элестетүү да мүмкүн эмес эле. Ошол эле убакта Абас молдо шаарда кыздардын музыкалык мектебинин ачылганын жактырбайт:

-Шарият боюнча аялдын добушун эркектер укпашы керек. Ошондуктан аялдар музыкант боло албайт. Муну үйрөнбөй эле коюшканы туура.

Кабулда Бириккен Улуттардын маалымат катчысы Алеем Сыдыки уюм кыз-келиндердин музыкалык билим алышынын айланасындагы диний талашка май чачкысы келбейт дейт. Ал Азаттыкка музыка аркылуу аялдардын коомдогу ролун көтөрмөлөө аракети гана жасалып жаткандыгын мындайча билдирди:

-Коомдо маданият зор роль ойнойт, ал адам баласына өз оюн билдирүү үчүн зарыл болгон ишеним берет. Бириккен Улуттар уюму Оогастанда атуулдук коомду бекемдөөдө негизги роль ойноп жатат. Мазари-Шарифтеги биздин долбоор кыз-келиндерге Ооганстанда кылымдардан бери болуп келген аспаптарды үйрөнүүгө шарт түзүп, Мазари-Шарифтеги азчылыктар жамааттарындагы ыр салтын жандандырууну максат кылат. Биз түндүк ооганстандык аялдарга коомдогу ордун калыбына келтиришине кол кабыш кылып жатабыз.

Бул мектепте окугандардын көбү үйдө алардын музыкалык билим алышын колдошоорун айтышты. Бирок мектептин директору Мазари өзү да кыздар менен балдардын музыканы чогуу үйрөнүшүн туура көрбөйт. Анын айтымында, программанын бүтүрүүчүлөрү кийин кыздар менен балдар бөлөк окуган класстарда акы алып сабак беришмекчи.

Мазари-Шарифтеги мектепте эки мугалим бар, экөө тең эркек. Халил Бахтару жана Надаир Харими саксафон, электр менен иштеген пианинодон тартып табла, индустардын гармоникасы жана рабаб сыяктуу ондогон аспаптарды үйрөтүшөт. Кыздар перстердин, индустар менен арабдардын муыкалык салттары менен катар, ооган музыкасын да үйрөнүшөт. Алардын эң сүймөнчүктүү ыры "Мазари-Шарифе баралы" деп аталат. Анткени бул ыр бөлөк-бөтөн элден киндик канына тамган жерге кайтып келгендердин ыры.

XS
SM
MD
LG