Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:46

Садыкжан Камалиддин: “Иним Мухаммад Рафиктин өлүмүн Коопсуздук кызматынын абийирине койдум”


“Эл аралык ислам кызматташтыгы” борборунун жетекчиси Шейх Садыкжан Камалиддин “Азаттыктын” жана кыргыз телекөрсөтүүсүнүн “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнө чыгып, суроолорго жооп берди.

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын мурдагы муфтийи катары дагы белгилүү Садыкжан Камалов мырзанын “Ыңгайсыз суроолорго” чакырылганынын өзүнчө бир чакан тарыхы бар. 6-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы атайын бир операция жүргүзүп, Ош шаарында “Өзбекстан ислам кыймылы” деген уюмга тиешеси бар деген негизде ок атышуу болуп, андан үч адам каза болгон. Алардын арасында Карасуу шаарындагы Аль-Сарахсий мечитинин имамы Мухаммад Рафик Камалиддин мырза да бар экен. Ал адамдар Мухаммад Рафик Камалиддин мырза айдап бара жаткан автомашинада болгон. Ал эми Садыкжан мырза болсо маркум Мухаммад Рафик Камалиддин мырзанын бир тууган агасы.

- Саламатсызбы, сизге алгач чоң ыраазылык билдиребиз. Себеби, биз ошол окуядан кийин бир топ массалык маалымат каражаттары, телерадиокомпаниялар, гезиттер сизге интервью сурап кайрылгандыгын билебиз. Бирок, Сиз бүгүн биринчи жолу элге чыгып, массалык маалымат каражаты катары “Азаттык” үналгысын сыйлап, келип бергениңиз үчүн чоң рахмат. Алгачкы суроом мындай: Мухаммад Рафик ажынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун Ал киши чындыгында эле “Өзбекстандын ислам кыймылына” же болбосо “Хизб-ут-Тахрир” уюумуна тиешеси бар беле? Эгер тиешеси жок болсо, эмне себептен ал киши айдап бараткан машинада алиги эки адам отурган?

- Айтканыңыздай, инимдин жаткан жери жайлуу болсун. Калгандарына Аллах тынчтык, бейпилдик алып келсин. Тилекке каршы, ушундай кырсык болуп калды. Момун киши эле. Инимдин имам болгонуна 24 жыл толуптур. Карасуу шаарындагы Аль-Сарахсий мечитинде 50-60 киши намаз окуй турган эски бир дубал мечит болгон эле. Ошол жерди көркөм бир чоң мечитке айландырып, ири жамаатты пайда кылып, тегерегиндеги шаарчалардан, айылдардан имамдын жакшы сөздөрүн, насааттарын угайын деп келген чоң жамаат пайда болгон. Азыркы учурда ал жерде дайыма 5-6 миң адам намаз окушат.

Бир адамдын тагдырын бир ооз сөз менен айтыш кыйын. Мухаммад Рафик эки томдон турган китеп жазган, ал кыргызчага которулган. Өзүм редактор болуп бергем. Бардыгында адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан этият болушка, жетекчилер менен бир болушка, момун мусулмандарды эл арасындагы достукту, ынтымакты чыңдоого чакырып, 24-25-жылдан бери ушул багытта кызмат кылып келген.

6-августта болгон окуя баардыгыбызды айран кылды. Кандай себеп менен алар ал машинага түшүп калган? Кайсы жол менен алар чакырылып алынган - бул бизге азырынча белгисиз. Укук коргоо органдары бул иш боюнча азыр иштеп жатышат. Бирок биз бул адамга баа бериш үчүн, өзгөчө “Өзбекстан ислам кыймылына” мүчө болгон адамдарга тиешеси бар беле, алар кандай жол менен молдолорго, имамдарга чыгышкан - бул бизге азырынча белгисиз болуп жатат.

Ал эми “Хизб-ут Тахрир” деген уюм башка жерлерден келип орношуп, тарап жатат. Мухаммад Рафик имам болуп турган учурда “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө адамдар мечитке келип, намаз окуп, жума намаздарда болуп жатканы бул табигый көрүнүш. Ал “сен “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүсүң”, “сен атеистсиң” же “коммунистсиң, мечитке кирбегин” деп айтууга укук жок. Ошондон улам “Хизб-ут-Тахрир” уюумунун көптөгөн мүчөлөрү келип турган ал жерге. Аль-Сарахсий - чоң мечит болгондуктан Мухаммад Рафик өзүнчө бир саясат, илим, сабырдуулукка салып, ишти алып барып жатканын биз билет элек.

- 6-август күнү Мухаммад Рафик мырза кандай шартта машинаны айдап кеткенин, кимдер телефон чалганын сиздер үй-бүлөсүнөн тактадыңыздарбы?

-Ал күнү мен Бишкекте элем. Биз Дин иштери боюнча агенттиктин төрагасы Жолборс Жоробеков, азирети муфтий Мураталы ажы Жумнов менен бирге Карасууга бардык. Үй-бүлөөсүнүн, аялынын айтымы боюнча ашты сала турган учурда үй телефону шыңгыраган экен. Мухаммад Рафик “мен азыр келем, анан ашты жейбиз” деп үйдөгү кийими менен чыгып кеткен. Шашылып жатып чөнтөк телефонун да албай чыккан экен. Он, он беш мүнөттүн аралыгында кайтып келе турган болуп шашып жөнөп кеткен. Ким телефон чалып, кандай иш менен чакырганы бизге белгисиз.

- Мухаммад Рафик айдап бара жаткан машинада бир автомат, беш граната, карта, диний китепчелер чыкты деген маалыматтар болуп жатат. Кандай ойдосуз алар кайдан келип калган?

- Бул иним бычактан өтө коркот эле. Тун уулу айтат - тоокту соё албайт эле, мен союп берчүмүн, деп. Менимче ал өмүрүндө автомат кармап көрбөгөн адам болуш керек эле.

- Садыкжан мырза, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын кеңешчиси Шамшыбек Закиров “Азаттыкка” берген интервьюсунда: “бул киши террорчулук топко тиешеси бар жогун тергөө аныктайт, бирок ал кишинин ишмердүүлүгү тууралуу кийинки кезде кандайдыр бир эл арасында сөздөр айтылып жүрчү” деп айтыптыр. Ушуга байланыштуу менин суроом: акыркы жылдары Мухаммад Рафик мырза арап мамлекеттерине - Пакистанга, Иранга көп каттаптыр. Аны дагы Улуттук коопсуздук кызматы аргумент катары айтып жатат. Сиз кандай пикирдесиз? Чындыгында эле анын ишмердүүлүгүнө күмөн санай турган жерлер бар беле?

-Бириккен Арап Эмираттарына ажылыкка барат эле. Ар жылы ажы башчысы болуп, адамдарды алып барып турган. Иранга эки жолу барганын билем. Куран окуй турган балдарга жетекчи катары ар бир мамлекеттен 7-8 киши шайланат экен. Ошого эки жолу чакырышкан. Пакистанга бир жолу барганын билем. Ал өзүнүн жеке иши - тери сатуу иштери боюнча пакистандык досторуна бир барып келдим деп айткан эле.

- Мындан мурда дагы Мухаммад Рафик мырза Улуттук коопсуздук кызматына бир жолу барып көргөзмө берген экен. Ошондон кийин сиздер сүйлөштүңүздөрбү? Ал жерде эмне тууралуу сөз болгон?

- Анда айткан эле: “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү сиз имам болгон мечитке көп каттайт. Аларга кандай тиешеңиз бар? Эмне үчүн көп келишет? Эмне үчүн учурашып, сүйлөшөсүз деген суроолорду беришкен экен. “Карасууда бирге өскөн, бирге окугандар болот. Жакшылык, жамандык болот дегендей. Имамды чакырышат. Аралашпаска айла жок” деп жооп бердим деп айткан эле.

- Сиздин диний ишмердүүлүгүңүз боюнча ар кандай пикирлер да айтылып жүрөт. Сизди айтат - Садыкжан мырза өзү ваххабит, аларга жакын дешип. “Хизбутчулар” менен да ымаласы бар деген сөздөр айтылып жүрөт?

- Ар бир сөзгө факт болсо жакшы. 1996-97-жылдары мага каршы кампания жүргүзүлдү. Бул кээ бир диний маселелер боюнча өз ара ички сөз. Ваххабит деген бир кызык сөз. Мисалы, экөөбүз молдо болуп, бири-бирибизди жаман көрүп калсак, сиз мени, мен сизди ваххабит деп айтып коёбуз. Ал сөздүн түпкү таржымалын деле билбейт. Мени Фергана өрөөнүндөгү ваххабиттердин лидери деп айтышты. Бирок мен бардык жоопкерчиликти мойнума алып туруп айтамын - Кыргызстанда бир дагы мен ваххабитмин же ошол кыймылдын мүчөсүмүн деген адам жок. Бизде андай партия, идея, кыймыл жок.

- Сиз мурда өзүңүз айткан жок белеңиз “мен вахабитмин” деп?

- Жок. Бул жомокко айланып кетти “классикалык ваххабиттер жана азыркы ваххабиттер” деп. “Классик ваххабиттер” пайгамбардын учурунда эле исламдын таза көрүнүшүн сактайлы дегендер болгон.

-Мухаммад Рафик мырзанын сөөгүн коёрго жакын Карасуу шаарында анын сөөгүн көтөрүп алышып “шейит болду” деген сөздөрдү айтышты. Киши көп болду. Кырдаал курчуп, көзөмөлдөн чыгып кете турган абал түзүлдү. Сиз өзүңүз кандай ойдосуз бул маселе боюнча, ал кишилердин пикирине кошуласызбы?

- Биз азиретии муфтий Мураталы ажы Жуманов, Жолборс Жоробеков мырзалар менен биргелешип барышыбыздын максатынын өзү да ушул эле. Ал акыбалдан ар кандай күчтөр, агымдар, адамдар пайдаланып кетишпесин дедик. Шаар башчылары, акимдер менен сүйлөшүп, сөөктү тезирээк кайтарып алып келиш чарасын көрдүк. Карасуудагы өзү жашаган көчөсү менен мечитти айландырып алып келишти. Шаар башчысы биз менен биргеликте элди тынчытып берди. “Шейит” деген өзүнүн мекени үчүн, дини үчүн, өзүнүн эли үчүн курман болгон адам айтылат.

- Өзүңүздүн пикириңизде Кыргызстан азыр туура жолдо баратабы? Анткени соңку учурда өзгөчө түштүктө абал курчуп кетти. Муну айтышат Өзбекстандын атайын кызматты менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы биргелешип жасаган иштерден улам болду дешип. Бул бара-бара эмнеге алып барышы мүмкүн? Соңку окуяларга кандай баа бересиз?

- Билесизби мурда мамлекеттик коопсуздук кызматы деп айтылар эле. Эми Улуттук коопсуздук кызматы деп айтылып жүрөт. Улуттун тынчтыгын, элдин бейпилдигин камсыз кыла турган болсо бул жакшы. Биз бийликке Бакиевди шайлаш үчүн көп аракеттерди жасаганбыз. Иним имам катары эмес, атуул катары азыркы президентти шайлашка чоң салымын кошкон адамдардан эле. Азыркы учурда түштүктө акыбалды канааттандыраарлык деп айтууга болбойт. Бирок президентке болгон ишенимди бекем кылыш керек. Анын ички, тышкы саясатын колдоп, ар бирибиз өзүбүздүн эмгегибиз менен президенттин тегерегинде бекем турушубуз керек. Тилекке каршы ошол жердеги чиновниктер өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, ар кыл иштерди жүргүзүп жатышат. Мурунку бийликке караганда азыр кызматты сатып алыш үч эсе артык дейт. Азыр мени менен учакта түрк ишмери келди. Бул киши айтат, Ошко завод куруп жаттык элек, эми азыр иш жүрбөй калды, Өзбекстанга заводду көчүрүп жатабыз дейт. Президентибиз өндүрүштү өнүктүрүү боюнча канча аракет кылып жатат. Ал эми аларды пара сурап өлкөдөн сүрүп чыгарышып жатат. Мен бир канча арап мамлекеттери, чоң –чоң компаниялар менен байланыштарым бар. Алар айтып жатышат: качан тынчыйсыңар деп.

- Мурда бизге Орусиянын таасири чоң болчу. Азыркы убакта сиздин оюңузча жаңы бийликтин келиши менен Кыргызстанга Өзбекстандын таасири чоң болгон жокпу? Калп айткан менен болобу, Аскар Акаев менен Ислам Каримовдун мамилелери кийинки учурларда өтө начарлап кеткен. Мына Курманбек Бакиевдин келиши менен Өзбекстандын атайын кызматтары менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы биргелешип катуу иштеп жатат деген пикирлер бар. Сиз буга кандай карайсыз?

- Мен жогоруда айтып өттүм: башка структурада, башка жаатта тыгыз иштешсе. Өзбекстан Орто Азиядагы эң бир көзгө көрүнгөн мамлекет. Каримов айткандай келечеги кең мамлекет болгонун каалап турабыз. Эртеби - кечпи Кыргызстан өнүккөн мамлекеттер менен алакада болушун каалайбыз. Өзгөчө Өзбекстан менен жакшы алакалар болсо кыргыз эли утат.

- 6-августтагы окуяны биргелешкен операция деп айтып жатышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы атайын билдирүү менен чыкты. Анда 6-августтагы болгон окуяга имам Мухаммад Рафик Камалуддиндин тиешеси бар жогун эми аныктайбыз деп айтылат.Башкача айтканда - кишинин көзү жок, киши атылгандан кийин гана анын террорго тиешеси бар-жогун аныктайбыз деп жатышат?

- Ички дүйнөсү ушунчалык бай, ушунча китептерди жазган имамды, 24 жылдан бери 5-10 миң адамды башкарып келген адамды өлтүрүп коюп, террористтерге барымта болгонбу же башка бир нерсе болушу мүмкүнбү, деген сөздөр болду. Кудай сактасын – анын ордунда мен, сиз же болбосо Чыңгыз Айтматов деле болуп калышы мүмкүн эле. Өлтүрүп коюп, анан буларга барымтада болуп калган экен дешет. Бул адамды сактап калыш үчүн операцияны башкача кылып жасаса болот эле деп ошол эле Коопсуздук кызматкерлери өзүлөрү айтып жатышат. Эми муну Коопсуздук кызматындагылардын ички дүйнөсүнө коёбуз...

XS
SM
MD
LG