Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

ЖЕР КУРГАП БАРАТАТ


Ушу ташта дүйнөдө эки миллиарддан ашуун киши суу тартыш аймактарда жашайт, эгер жер шарындагы азыркы абал алдыдагы жарым кылымда өзгөрбөсө, мукурап сууга муктаж болгон калктын саны эки эсеге көбөйөт. Төрт жүздөн ашуун гидролог-агроном, башка да илимий адистерден куралган эл аралык эксперттер тобунун дүйшөмбү күнү жарыяланган докладында ушундай эскертүү айтылат.

Стокгольмда өтүп жаткан «Бүткүл дүйнөлүк суу жумалыгында» алтымыштай сүрөт көрсөтүлдү, алардын баары космостон тартылып алынган. Сүрөттөрдү комментариялаган адистер Жер шары какырап баратканын, аны жашыл планета деп айтканга жүйөөлөр калбай жатканын белгилешти. Адистердин эсебинде,Жер шарындагы суунун дээрлик сексен проценти айыл чарбасына сарпталат, өнөр жайына, тиричиликке жана ичкенге андан алда канча аз сандагы суу керектелет.

Азыркы суу апаатына толугу менен адам баласы өзү айыптуу, жаратылыштын күнөөсү мында аз, дешет окумуштуулар. Суу ресурстарын пайдалануу боюнча эл аралык институттун өлүлү Франк Рийсберман суу каатчылыгынын эки түрүн атады: ал, биринчиден, гидроресурстарды активдүү пайдаланган өлкөлөрдө, экинчиден, суу өндүргөнгө мүмкүнчүлүгү жетпеген аймактарда, айрыкча Африкада күчтүү.

Адистердин айтымында, суу кризисинин күч алышы жакынкы келечекте эле кара жаңжалдар менен куралдуу кагылыштарга, дарыя-өстөндөрдүн какшышына, сугат жерлердин какыр-такырга айланышына алып келет. Эгин-тегин кем айдала баштайт, тамак-аштын каатчылыгы жайылат, ачарчылык апааты каптайт. Суу ресурсу экономикалык, саясий өнүгүүгө, жалпы коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизет.

Докладдагы маалыматтарга ылайык, ХХI кылымда мунай жана газга караганда суу алда канча маанилүү стратегиялык ресурс болуп калат. Бир тонна таза суу ушу тапта эле мунайдан кымбат. 1992-жылы Дублиндеги эл аралык конференцияда кабыл алынган чечимде суунун экономикалык наркы барлыгы, ал экономикалык товар болуп калууга тийиш экени айтылган.

Суу проблемасы Борборазияда да курчуп баратат. Кыргызстанда быйыл бир катар аймактарда, айрыкча түштүктөгү пахта эккен райондордо суунун каатчылыгы катуу сезилди. Ушундан улам гидроресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселесине өкмөт чындап маани бергенге умтулуп жатат. Бул багыттагы иштердин арасынан премьер-министр Фелик Кулов жакындагы жыйындардын биринде Сарыжаз дарыясындагы гидроресурстар проблемасын атап өттү. Сарыжазга гидростанция куруунун мүмкүнчүлүктөрү, дарыянын суусу эмне себептен тартылып баратканы изилденет. Илимпоздор Мерцбахер көлүнүн соолуп баратканын да изилдеп чыгышты. «Биз бул жерде эмне болуп жатканын билүүгө тийишпиз»,- деп айтты кыргыз премьери.
Эсенбай НУРУШЕВ

XS
SM
MD
LG