Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

09:00 Ошто бюджеттин эки баскычтуу жаңы системасы талкууланат


ОШ. Бүгүн Ош шаарында Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети жаңы принциптердин негизинде бюджетти калыптандырууга даярдыктар боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Анда өлкөдөгү бюджеттик саясаттагы реформа, эки баскычтуу бюджеттин кемчиликтери жана артыкчылыктары талкууланат. Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин спикери Марат Султанов, аталган комитеттин мүчөлөрү, каржы министри Акылбек Жапаров, Ош, Баткен, Жалалабат облустарынын губернаторлору, Карасуу, Өзгөн райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары катышат.

XS
SM
MD
LG