Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Туристтер Беларусту айланып өтүүдө


Беларустун тарыхы бай жана жери кооз болгону менен, бул өлкөгө коңшулардыкынан алда-канча аз турист келет. Беларустар өздөрү муну инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүнөн, демократиянын жоктугунан жана экологиялык проблемалардан көрүшөт. Туризмдин өнүкпөй жатышы бийликтерди да тынчсыздантып жаткандыгы байкалат.

Беларус дегенде өлкөнүн кооз жергеси эмес, биринчи кезекте андагы саясий репрессиялар көз алдыга тартылат. Ошондуктан Беларуска бир ууч гана турист келээри таң калыштуу эмес. Расмий статистикага ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде бул жакка 36 миң чет элдик саякатчы, негизинен Орусиядан, Полшадан жана Балтия өлкөлөрүнөн келишкен. Басымдуу көпчүлүгү же 26 миңи баш калаа Минскиде болушкан. Буга салыштырмалуу, былтыр Латвияга 3 жарым, ал эми Литвага 2 миллион турист келген. Латвиянын Мамлекеттик Туризм агенттигинин жетекчиси Валдис Виталстын пикиринде, Беларус туризм инфраструктурасына өтө аз каражат жумшайт, ошол эле убакта саякатчылардын жолунда көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар орнотулган.

Азаттыктын кабарчысы менен Минскиде сүйлөшкөн беларустар да ушул эле көз карашта экен. Өз атын атагысы келбеген бул жигитти угуп көрсөк:

Бизде инфраструктура жок. Минскинин жанындагы Мир деген орто кылымда курулган сепилге келсеңиз, жада калса дааратканасы жок. Анан элдер бул жакка эмнеге келиши керек?!

Ал эми бул кыз бийликтер рекламага көбүрөөк каражат жумшашы керек деп эсептейт:

Биринчи кезекте көбүрөөк маалымат керек. Мир сепили сыяктуу жерлерди таанытуубуз зарыл. Ошондо балким туристтер көбүрөөк келе баштайт.

Беларус бийликтери бул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатышкандыгын айтышууда. Минскидеги Спорт жана туризм министрлигинин улук эксперти Виктор Янковенка Беларустун Белапан кабар агенттигине бийликтер туристтердин өлкөдө өздөрүн бейкапар сезиши керек деп эсептешээрин билдирген.

Янковенканын сөзү боюнча, ушул күздөн тартып, Минскиде шаардын көрө турган жерлери тууралуу маалымат берүүчү жаңы маалымат борбор ачылат. Келерки бир нече жылда өлкө боюнча жаңы мотелдер - же машина менен жүргөндөр үчүн гаражы бар мейманканалар, кэмпингдер же чатыр тигип, эс ала турган жайлар, кафелер жана парковкалар курулмакчы. Министрликтин өкүлү ошондой эле туристтерди тарта албаган саякат фирмалары жабылат дейт.

Чет элдик туристтердин келишине мындан 20 жыл мурдагы Чернобыл атомдук кырсыгы да жолтоо болуп жаткандыгы шексиз. Бирок андан да олуттуу проблемалар жок эмес. Минскиде атын атабаган бул кыз Батышта анын өлкөсү демократиялуу эмес өлкө деп саналбагандыгы да өз кесепетин тийгизип жатат деп эсептейт.

- Туристтер биздин режимди жактырышпайт, - деп билдирди ал биздин радиого.

XS
SM
MD
LG