Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУ


25-августта Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча Кубогуна арналган эл аралык мөрөй талашуу башталды.

Быйыл президенттин кубогу жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Мурдакы жылдары көкбөрү эл аралык деңгээлге жетип, Президенттин кубогуна арналган турнирге Ооганстан, Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусиянын, Кыргызстандын курама командалары катышып келген. Ошондуктан быйыл Борбор Азиядагы күчтүү командалар сыртта калбасын, көкбөрүнүн деңгээли жогоруласын деген чечим менен клубдар арасында өткөрүлүп жатканын өлкөнүн көкбөрү федерациясынын президенти, Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков айтты:

-Ар жыл сайын президенттин кубогун өткөрүү салтка айланып баратат. Быйыл өлкөдөгү мыкты командаларыбыз дагы четте калбасын өлкөдөгү көкбөрүнүн деңгээлин көтөрөлү деген максат менен быйыл клубдук система менен өткөрүп жатабыз. Байгелери да такталып президенттик фонддон 3 млн. сом бөлүнүп жатат, финалдык таймашуу 31-августта болмокчу. Ошондуктан кандай байгелер берилээрин азырынча табышмак кылып туралы.

Быйылкы Президенттин Кубогуна арналган турнирге Нарын, Талас, Ош, Чүй облустарынын командалары жана Казакстандын 2 командасы катышууда. Жалалабат, Ысыккөл жана Баткен облустарынан командаларга демөөрчүлөр табылбай, миң доллардык кирүү акысын төлөй алышпай, мелдешке катышкан жок.
Президенттин Кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Чүй облусунун “Аракет” командасы менен Ош облусунун командасы күч сынашты. Быйылкы турнирдин биринчи улагын “Аракет” командасынын чабуулчусу тайказанга салып, оюндун эсебин ачты. Натыйжада 5:1 эсебинде Чүй облусунун “Аракет“ командасы алгачкы оюнда Оштун командасын утуп алды. Экинчи оюн жаңы гана аяктады. Экинчи беттешүүдө Нарын облусунун улакчылары Талас облусунун “Манас-ордо- Альянс” командасы мөрөй талашып, 10:3 эсебинде таластыктар жеңип, артыкчылыгын көрсөттү.

Нарындык жигиттерди машыктырган устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Жетиген Мааданов азырынча кубануу эртелик кылаарын, негизги таймашуулар алдыда турганын жана миң долларлык мүчөлүк акыны мыкты командалар төлөй алышпай калганын белгиледи.

-Биздин команданын курамы жаш жигиттерден түзүлдү. Жаштык кылып атаандаштарга алдырып койдук. Аттарыбыз бир аз чабал болуп турат. Эми алдыда анык таймашуулар күтүүдө. Кимдин даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору жана жолдуу экенин мелдеш көрсөтөт.

Бул күнкү үчүнчү оюн Талас облусунун ” Манас- Талас” командасы менен Казакстандын Алматы облусунун “ Нуртоо” командасынын ортосунда болуп, таластык жигиттер казак боордоштордон 10:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартышты.

Казакстандын чемпиону болгон Тараз шаарынын “Олуяата” командасынын машыктыруучусу Нурланбек Тилебарс ар бир беттешүү курч мүнөздө өтүп жатканын белгиледи.

Көкбөрүнүн күйөрмандары быйылкы президенттик кубокко Нарындын белгилүү “Дордой” командасы катышпай калганын өкүнүү менен белгилешти.

26-жана 27-августтагы ар күнү үчтөн оюн болуп мыктылар иргелет. 28- жана 29- августта жарым финалдык беттешүүлөр өткөрүлүп, баш байге үчүн таймашуу 31- августта болот.

Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 3 млн. сом каражат бөлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG