Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

КҮЗҮНДӨ ОППОЗИЦИЯ КҮЧӨЙТ


“Эркинтоо”

Бул гезит Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жетектеген жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан өлкөнүн Конституциясынын долбоорун толук варианттары менен жарыялады. Президенттик, парламенттик жана аралаш башкаруу формаларынын варианттарынын долбоорлору кыргыз жана орус тилдеринде берилди.

“Кыргыз туусу”

Жайыл баатырдын 300 жылдыгы белгиленерин, ага өкмөттүк деңгээлде даярдыктар көрүлүп жатканын маалымдайт.

“Ротацияны күтүп эле жүрө беребизби” деген ысыккөлдүк 20 кишинин президентке кайрылуу катын жарыялады. Анда Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев бир жыл үч айда алгылыктуу иш жасабаганы, өкмөттүн каражатын өзүм билемдик менен чачып жатканы сынга алынган.

“Улуттук идеология кандай болуш керек?” деген конкурс уланып жатат. Бул жолу тарых илимдеринин кандидиты Зейнеп Матаева өз сунуш, пикирлерин айткан. “Мамлекеттик идеология элибизди жеңишке алып барчу- локомотив. Темир жолу- Конституция, мыйзамдар, программалар, токтом, жарыялар, вагондору- элибиз. Машинисти – башкаруучусу- президент, жардамчылары-премьер- министр, спикер. Локомотивдин үстүндө туубуз желбирейт” деп жазат автор.

“Жаңы кылым”

Өлкөнүн тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун “Көп сүйлөбөстөн, көп иштегенге аракет кылуудабыз” деген интервьюсун жарыялады. “Тышкы сооданын жалпы көлөмү 2 млрд. долларга чукулдап, 2004- жылга салыштырганда алты жарым пайызга көбөйгөн. Учурда кыргыз рыногуна кызыгып, инвестиция жумшайм дегендер көбөйүп баратат” дейт министр.

Журналист Папан Дүйшөнбаев “кыргыз- өзбек мамилелери кескин жакшырабы?” деп суроо коюп, жооп издейт. Анда президент Ислам Каримовдун чакыруусу менен Курманбек Бакиев жакында Өзбекстанга расмий визит менен барары, эки өлкөнүн мамилелери кескин жакшыруусу, чегара режимдеринин жеңилдөөсү күтүлүп турганын талдоого алган. “Кыргыз- өзбек мамилелеринин жакшыруусу АКШ, Батыш Европа өлкөлөрүнө жакпайт” деп белгилейт автор.

“Новый Кыргызстан”

“Күз: оппозиция шаарды айланып жүрөт” деген макаласында күзүндө саясый окуялар арбын болоорун божомолдойт. “Конституциялык реформа оппозицияга шылтоо гана болот. Алар массалык нааразычылык уюштуруусу да мүмкүн. Бийлик алардын сунуштарын “аткарабыз” деп дагы алдап жолго салат. Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева баштаган “Асаба” партиясы “Реформа үчүн” кыймылына кошулушу мүмкүн. Түштүктө да оппозициялык же экстремисттик маанай курчуйт. Кыскасы күзүндө жалындаган саясый окуялар арбын болушу күтүлүүдө” дейт кабарчы Абдан Шукенов.

“МСН”

Быйыл жайкы эс алуу сезону Кыргызстан туризм өлкөсү экенин айгинелеп койгонун маалымдады. “Реклама жетишсиз, тейлөө сервиси начар болгонуна карабай Ысыккөл Борбор Азиядагы эс алуу борбору экенин далилдеди. Быйыл өткөн жылга салыштырганда үч- төрт эсе көп турист келди. Быйыл туристтерден эле 150-200 млн. доллар киреше түштү. Карадеңиз жээгиндеги Орусия, Грузия жана Украина өлкөлөрүнүн эс алуу жайлары менен Ысыккөл атаандашууга чамасы бар” деп жазат кабарчы Замир Өсөров.

Жаңы окуу жылына Бишкектин 91 мектеби даяр болгону менен 390 мугалим жетишпейт деп маалымдайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG