Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

ВОРОНЕЖДЕ ПЕРУЛУК СТУДЕНТТИ ӨЛТҮРГӨН УЛУТЧУЛ ЖИГИТ 16 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ


Былтыр октябр айында Воронежде перулук студентти өлтүрүшкөн улутчул жаштар тобунун үстүнөн жүргөн иликтөө иши кечээ акырына чыкты. Алардын «Ак күзөтчү» аталыштагы улутчул топко кирери такталган. Ал кылмыштуу топтун ичинен эң башкы айып тагылган - Игор Павлюкту сот 16 жылга катуу тартиптеги түрмөгө кескен. Андан башка дагы 11 айып тагылып аткандарды 2 жылдан 5 жылга эркинен ажыратылсын деп өкүмүн чыгарган. Жакында Москвадагы «өңү оруска окшобогондорду» жок кылуу максат менен Черкизов базарын жардырышкан студенттердин ишин да анализчилер «Ак күзөтчүлөр» аракетинин уландысы деп баалашкан.

Быйыл апрел айында Воронежде 2004-жылы Гвинеи-Бисаулук студентти ал жердик жаштардын өлтүрүп кетиши боюнча сот иши жүргөн. Айыптуу ал жолу 17 жылга эркинен ажыратылган. Ага көмөктөш экөө да бири 9, бири 10 жылга кесилишкен.

Бул жолу Перу өлкөсүнөн келип окуп аткан 18 жашар Анхелис Энрикени бычактап кеткен улутчул «Ак күзөтчүлөр» топтун мыкчыгери Игор Павлюкту сот 16 жылга эркинен ажыратты.

Анализчилер Орусияда улутчул жаштар кыймылы Маскөө, Санкт-Петербург, Воронеж ж.б. калааларда артып баратканын белгилешет. Алар славяндарга окшобогондорду жок кылуу максатта түсү бөлөктөрдү бычактап же сабап өлтүрүп кетип атышат. Бийлик буга дейре мындай көрүнүштү «жаштардын ээнбаштыгы» деп анча көңүл бурбай келген.

Адам укугун коргоочу Семен Чарный айтканга караганда «Орусияда бир эле 2006-жылдын биринчи жарымында улуттук касташуудан 19 киши курман болуп 160тан ашуун киши жарадар болушкан. Мындай кылмыш менен кесилгендер 49 киши жана азыр да иши тергелип атканы 52 киши», - дейт.

Санкт-Петербургдагы улутчул жаштар тобунун лидери Юрий Валуев айтканга караганда өлкөдө орус жаштары бир жакадан баш эки жеңден кол чыгарып иш алып барышууда. Аны азыр бийлик топ-топ кылып бөлүп ийе албай калды. Бирок:

-Ар бир уюмдун өз алдынча болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Алар борбор менен байланышын үзбөйт жана жасаган аракеттери (улутчул жаштар – ММ) кыймыл алган улуу жолдон чыгып кетпөөгө тийиш, - деген «Азаттык» жөнөткөн суроого кайтарган жообунда.

Орусиядагы «Сова» иликтөө борборунун жетекчиси Александр Верховский айтымында, дегинкиси өлкөдө өңү-түсү оруска окшобогондон обочолонуу массалуу түрдө өсүп баратат. Буга окшогон (улутчул жаштар – ММ) кыймылы андай маанайдын эң алдында бара жаткан бөлүгү.

Кызык жери, воронеждик жаштар колунан курман болгон перулук студентин эне-атасы баласын жоготкондугу үчүн 3 миллион евро жөлөк пул берүүсүн жана баласы бычакталган жерге расизмге каршы айкел орнотууну талап кылып орусиялык бийликке кайрылган экен. Жума күнү Воронеждеги сот перулук студенттин эне-атасына 500 миң рубл жөлөк пул кесип берүү да өкүмүн чыгарган.

Жер-жерлерден келип аткан маалыматтар «Ак күзөтчүлөр» жолун жолдогондор арбын экенин бышыктап тургандай. Ишембиде Томскиден «Азаттыктын» ал жактагы кабарчысы Нелла Небачина жиберген кабарда жергиликтүү жаштарды кадимки эле фашисттик жолго түшүүгө үндөгөн баракчалар үймөм-үй таркатылып атканын айтат:

-Томски калаасынын ар башка райондорунда бир эле учурда фашисттик баракчалар пайда болгон. Аларды кимдир бирөөлөр почто үкөктөрүнө салып көчөлөргө тагып кетишкен, - дейт "Азаттык" кабарчысы.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG