Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

ЧЕЧЕНСТАНДА ШАМИЛ БАСАЕВДИН КЕЛИНЧЕГИ ЭРСЕНОЕВА УУРДАЛДЫ, КАБАТЫР БОЛГОН КИШИ КӨП


Чеченстандын прокуратурасы «Чечендик коом» апталыгынын штаттан тышкары кабарчысы Элина Эрсеноеванын уурдалып кетишине байланыштуу жагдайды териштирип чыгуу үчүн кеп берген. Ал айым17-августа Грозный шаарында күндүз уурдалган. Журналист уурдаларга чукул анын эки иниси жана апасын Чеченстандын өкүмөт башчысы Рамзан Кадыровдун кишилери куугунтуктап атышат деп билдирген. Андай кат менен Эрсеноева эл аралык Хелсинки федерациясына жоголордон эки күн мурда кайрылган. Эл аралык «Чегарасыз кабарчылар» уюму бейшембиде журналисттин уурдалышына карата катуу тынчсызданарын билдирген.

Чеченстан прокурору Валерий Кузнецовдун наамына 21-августа жазылган кайрылууда: «Биз чечендик жана орусиялык расмий төбөлдөрдөн Эрсеноеванын колдон келишинче эртерээк бошотулушун талап кылабыз», - деп айтылат. Аны эл аралык «Чегарасыз кабарчылар» уюму жана адам укугун коргоочу бир нече уюмдар биригип жазышкан.

Би-Би-Си агенттигине Чеченстандын ИИМинин маалымдоо кызматы болсо «Эгерде киши уурдалса анда анын урук туугандарынан милицияга кат түшмөк. Эрсеноева тууралуу бизге эч ким арыз менен кайрылган жок», - деген.

Эрсеноеванын эмне себептен уурдалганы туурасында так пикир жок. Божомолдордун биринде анын чуулгандуу террорчу Шамил Басаевге эрге чыккандыгы себепкер болду деп айтылат. Журналист келиндин террорчуга тийгени чын экенин Чеченстандын өкүмөттүк эмес уюмунун өкүлү Таиса Исаева айткан:

- Анын Шамилге (Басаевге – ММ) эрге чыкканы ырас. Мындан бир жыл мурда Шамилге эрге чыккан. Ошондон бери чеченстандык жана орусиялык жашырын кызматтагылардын Элинанын сары изине чөп салып аңдышы, анын энеси, эки инисин куугунтукка алышы ошондон , - деген Исаева «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

«Коммерсант» басылмасы жазганга караганда журналист Эрсеноеваны уурдагандар «андан маркум эри (Басаев – ММ) калтырган бир дипломат ичи толгон документтер менен жети миллион долларды тартып алмакчы болуп атышат», - деп айтылган.

Таанымал террорчунун жесири болгонуна карабай эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар Эрсеноеванын тезинен бошотулушун талап кылышууда. Маселен, «Демос» адам укугун коргоочу уюмдун жетекчиси Татьяна Лакшина «бул жерде кара башыл адамдын мал катары уурдалышы эч бир мыйзам арибине сыйбаган көрүнүш», - дейт.

Алдыңкы жылы күздө (2005-жыл, 27-сентябрде – ММ) президент Владимир Путин эл аралык жана орусиялык журналисттер менен болгон кезектеги баарлашуу маалында Чеченстандагы киши уурдоону тыйып салууга эми кез келди деген:

- Биз жоголгон кишилерди табуу, ошондой эле мындай кылмыш иш кимдин колунан келип атат анын бетин ачуу багытында ишибизди улантабыз, - деген Путин.



Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG