Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

БИШКЕКТЕГИ БЫЙЫЛКЫ “НАТАН ДААНЫШМАН” ОШКО КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ ЖЕТЕТ


Өтүп бараткан аптада кандай маданий окуялар болду?

Узап бараткан жумада Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматов борборубуздагы өзүнүн атын алып жүргөн китепканада жаш акын, жазуучулар менен жолугушту. Жолугушууда жаш калемгерлерди түйшөлткөн маселелер туурасында сөз болуп, жазуучу учурда жарык көрүп жаткан китептер туурасында кеп кылды:

-Мурда китептер алдын ала пландаштырылып, тийиштүү мекемелерден өтүп, ал мекемеден макулдук берилсе анан барып китеп болуп чыкчу эле. Азыр эркиндик заманында ар бир китеп өзүнүн жолу менен чыгууга чамасы бар. Кептин баары анын ички маңызында. Эгерде окурмандарга жаңы маалымат, жаңы билим берсе ал китеп чыга берет,- дейт жазуучу Чынгыз Айтматов.

Чынгыз Айтматов ошондой эле бул жумада журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда жазуучунун жакында эле жарык көргөн “Тоолор кулаганда” аттуу жаңы романы туурасында сөз болду.


Аптанын бейшембисинде Тунгуч театрында немец драматургу Эфраим Лессингдин драмасынын негизинде коюлган “Натан даанышман” аттуу спектаклдин бет ачары болду. Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын жана “Тунгуч” театрынын артисттери ойногон бул спектаклде диний көз караштардын өз ара келишпестиктери чагылдырылган. Спектаклдеги башкы каарман - Натан даанышмандын образын Кыргыз Республикасынын эл артисти Мукамбет Токтобаев жараткан.

Фридрих Науман атындагы чет элдик фонддун колдоосу менен коюлган бул спектаклди белгилүү түркмөн режиссеру Овлекули Ходжекули сахналаштырды. Эми бул спектакль менен кыргыз артистери Өзбекстанга сапар алышат. Келерки жылы Ош жергесинин тургундары көрө алышат деген маалыматтар бар.


Нарын облустук администрациясы тарабынан тузүлгөн “Үгүт кербени” дубандагы чек ара бөлүкчөлөрүн кыдырып, чекарачыларга кеңири программадагы оюн-зоокторду тартуулашты.

Нарын облусунун Жумгал районунда “Жер эненин ыйы” аттуу спектаклдин бет ачары болду. Ага маданият министри Султан Раев катышты. Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун “Жер эненин ыйы” аттуу чыгармасынын негизинде сахналаштырылган бул спектаклде өлкөбүздө акыркы он беш жыл ичинде болуп өткөн өзгөрүүлөр чагылдырылган.


Өтүп бараткан жумада Улуттук филармонияда эгемендүүлүктүн он беш жылдыгына арналган чоң программадагы “Мыскыл жана тамаша” шоу-концерти уюштурулду. Эки күнгө созулган бул күлкү майрамында Бишкектин тургундарына жана конокторуна Күмөндөр Абылов, Жаныбек Алыкулов, Жамбыл Камчиев, Борончу Кудайбергенов жана башка бир катар куудулдар, ырчылар менен бирге ыр-тамаша тартуулашты.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG