Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

ПЕНИТЕНЦИАРДЫК СИСТЕМА КАЧАН РЕФОРМАЛАНАТ?


Кыргызстандагы пенитенциардык системаны реформалоо маселеси көп жылдардан бери көтөрүлүп келет. Адистердин айтымында, Жазаны аткаруу башкармалыгын реформалоону сот, тартип коргоо органдарын реформалоосуз ишке ашыруу кыйын.

Үстүбүздөгү жылдын март айында өкмөт тарабынан пенитенциардык тармакты реформалоо боюнча “Үмүт” программасы жактырылган. Анда аталган системаны реформалоонун зарылдыгы, анын алкагында жүргүзүлө турган иш-чаралар каралган.

Жакында Кыргызстандагы жаза өтөө жайларындагы абал боюнча иликтөө жүргүзүп, отчетун жарыялаган Эл аралык кризистик уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси да абактардагы азыркы абал өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурушу ыктымал деген корутундусун чыгарган. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын да иликтөөлөрүнө караганда, абактардагы шарттар эл аралык талаптарга жооп бербейт. Ал эми алардагы атуулдардын укуктары одоно түрдө бузулууда.

Эл аралык кризистик уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Майкл Холлдун пикиринде, өлкөдөгү пенитенциардык системаны реформалоонун башкы максаттарынын бири түрмөлөрдөгү адамдардын санын азайтуу болушу керек:

- Биринчиден, реформанын максаты - түрмөлөрдөгү адамдардын санын азайтуу, Экинчиден, жаза өтөп чыккандарды реабилитациялоо борборлорун куруу керек.Мындай мекемелерди куруу түрмөдөн чыккандарды бир аз убакыттан кийин кайра жаза өтөө жайларына кайтуудан оолак болууга шарт түзөт эле. Үчүнчүдөн, жаза өтөөнүн альтернативалуу ыкмаларын киргизүү зарыл. Бирок, Кыргызстанда соттук териштирүүгө жеткен кылмыш иштеринин баары боюнча күнөөлөнгөн адамга карата эркинен ажыратуу өкүмүн чыгаруу көнүмүш адатка айланып калган, - дейт Майкл Холл.

Ал белгилегендей, альтернативалуу жаза өтөөнүн иш жүзүндө колдонулушу сот реформасына, өлкөнүн Кылмыш-Жаза кодексине киргизиле турган өзгөрүүлөргө да байланыштуу болот. Бирок, мисалга алсак, буга чейин Казакстанда жазанын альтернативалуу ыкмалары киргизилгендигине карабастан, соттор тарабынан алар дагы деле колдонулбай келет. Ошондуктан, пенитенциардык системадагы реформа сот реформасы менен тыгыз байланышта. Ал эми сот реформасынын алкагында соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу, экономикалык, социалдык, граждандык маселелер боюнча атайын адистешкен соттордун тобун түзүү, аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, соттордун билими, ыйманы, кесиптик адеби боюнча аттестациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу сыяктуу иштерди жүргүзүү каралууда.

Эл аралык уюмдардын көз карашында, Кыргызстандагы жазаны аткаруу башкармалыгын реформалоо чет өлкөлүк донорлордун күчү менен жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. Бул маселе өкмөттүн көзөмөлүндө болууга тийиш.

Айрым саясатчылар өткөн жылы жаза өтөө жайларында орун алган окуялардан кийин түрмөлөрдөгү абалга кайрадан эле көңүл бурулбай калгандыгын белгилешет. Учурда өкмөт Жазаны аткаруу башкармалыгына 57 млн сом карыз. Бул каражаттар соңку жылдары башкармалыкка бюджеттен каралган акча каражаттын толугу менен берилбей келгендигинин эсебинен топтолгон.

Пенитенциардык системаны реформалоодогу башкы максаттардын бири - алардагы шарттарды эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болуп эсептелет.

Жакында дубандардагы жаза өтөө жайларындагы абал менен жакындан таанышып келген Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдиргендей, алардагы шарттар өтө оор. Ош шаарындагы №5 СИЗОдогу абалга байланыштуу ал мындай дейт:

-Бул СИЗО 390 адамга эсептелген. Бирок, анда бүгүнкү күндө 476 адам отурат. Алардын ичинен 27-си өлүм жазасына кесилгендер. 35и-аялдара 15и- өспүрүмдөр. СИЗОдогу шарттар өтө начар. Ооругандардын саны көп”, - дейт Трусунбай Бакир уулу .

Бир катар бейөкмөт уюмдар да СИЗОлордо, түрмөлөрдө отургандардын укуктары такай бузулуп жаткандыгын белгилешүүдө. Ошондуктан, алардын айтымында пенитенциардык системаны реформалоодогу башкы маселелердин бири – алардагы адамдардын укуктарынын бузулушуна бөгөт койуу, аларды кайрадан абактарга дуушар болуудан оолак кылуу.

-Албетте, жазаны аткаруу системасын реформалоодо биринчиден, алардагы шарттарды талаптарга ылайыкташтыруу керек. Экинчиден, бүгүнкү күндө түрмөлөрдө, СИЗОлордо отурган адамдардын укуктары кадам сайын бузулууда. Ошондуктан, мындай көрүнүштөргө бөгөт койуу да реформа көздөгөн максаттардын бири болууга тийиш. Бизди түйшөлткөн маселелердин бири – абактарда жазасын өтөп чыккан адамдардын кийинки тагдыры. Коом алардын кайрадан абактарга барышына шарттарды түзбөшү керек , - дейт “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси.

Азиза Турдуева

XS
SM
MD
LG