Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

ТҮНӨРГӨН ТҮРМӨЛӨРДҮН “ҮМҮТҮ” ҮЗҮЛӨ ЭЛЕК


Кыргызстандын пенитенциардык системасында түзүлгөн кооптуу кырдаал жана чекеси оюлбаган кемчиликтери жөнүндө сонку жылдары көп сөз болуп келатат. Айрыкча, өткөн жылы түрмөлөрдө козголоң чыккандан кийин мамлекет бул тармакка орчундуу көнүл бура баштаган. Түзөтүү мекемелерин реформалоо боюнча улуттук «Үмүт» программасы иштелип чыккан. Бирок, казынада каражат кааттыгынан өкмөттүн түрмөлөрдөгү абалды жакшыртуу аракеттери үзүрүн бере элек.

Жалпы республика боюнча аялдар үчүн жалгыз бир колония бар. Бул жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын көз карашында адам укугун кастарлоону жар салган мамлекет үчүн абдан адилетсиз көрүнүш жана орчундуу өксүк болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-Аткаруу кодекси боюнча өлкөдө аялдар үчүн түзөтүү мекемелеринин үч түрү болууга тийиш, аялдар жасаган кылмышынын оордугуна жараша жаза мөөнөтүн өтөшү керек. Биринчи жолу кылмыш жасап, эркинен беш жылдан көп мөөнөткө ажыратылган аялдар жазасын жалпы режимде өтөшөт. Өзгөчө оор кылмыш жасаган аялдар үчүн катуу режим көрсөтүлгөн. Ал эми жашы жети элек өспүрүмдөр жалпы режимдеги тарбия колониясында жазасын өтөшү керек. Бирок, ушу күнгө чейин мыйзамдын көрсөтүлгөн шарт-талаптар аткарылбай келе жатат. Женил кылмыш жасагандар да, оор кылмыш жасагандар да, башкача айтканда жырткычтык менен адам өлтүргөн аялдар менен буюм уурдаган жаш кыздар бир колонияда жашашат. Адилет министринин пикиринде бул адилетсиз көрүнүш.

-Мыйзам чегиндеги расмий тартиптерден сырткары соттолгондордун чөйрөсүндө өзүнүн дагы тартиптери болот. Колонияда оор кылмыш жасаган, адам өлтүргөн аялдар бар, өмүр бою мен кылмыш жолун тандап алдым дегендер да бар. Өспүрүмдөр ошолор менен бирге жашап, бир колонияда отургандан кийин, ошолордун эрежесине баш ийгенден кийин, бул сөзсүз өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизет. Кээ бири балким, так ошондой оор кылмышкер болуп кетет, кээ бири өз тагдырына капаланат, бул дүйнөдөн ишеничи кайтат, үмүтү үзүлөт, - дейт Марат Кайыпов.

Марат Кайыповдун айтымында, колониялардын эки көрүнүшү бар: биринчиси – бул сырткы оролмосу, мыйзам чегиндеги тартиптер, ал эми экинчиси - имиш катары айтылып келе жаткан ич ара мамилелери, тартиптери же жазылбаган мыйзамдары. А бирок, аялдар үчүн колонияда жазасын өтөп жаткандар “мындай тартиптер эркектердин колониясында бар, бизде жок” деп, жогоруда айтылган сөздөрдү четке кагышты.

- Биз өзүбүзгө өзүбүз “общакбыз”, эгерде кандайдыр проблемалар болсо, отряддын жетекчилери бар. Биз бардык нерсени өзүбүз чечебиз. Уставга сыйбаган мамилелер, “жазылбаган мыйзам” деген бизде жок, - дейт абакта отурган Гулиза.

Алтын чынжырча уурдап, кесилген 18 жаштагы Сезим өспүрүмдөрдү өзүнчө кылып бөлбөй эле койсо экен дейт.

- Менин оюмда, жаштарды өзүнчө кылып бөлбөй эле койсо. Чондор менен бирге отурганда, өзүбүздү тартиптүүрөөк алып жүрөбүз. Алардын айткан акыл-кенештерине кулак салабыз. А алар жок болсо бир нерсе талашып урушуп да кетишибиз мүмкүн, - дейт Сезим.

Жазгүл - эки адам өлтүргөндүгү үчүн эркинен ажыратылган аял. Анын пикиринде, өспүрүмдөрдү чондордон бөлүү зарыл:

- “Малолеткаларды” өзүнчө кылып бөлүш керек. Алар чондорду көрүп, баары бир ошолордун жолу менен кетишет да. Мурда “малолеткалар” улууларды сыйлап, сөзүн угуп турчу. Азыр бүт эле аралашып кеткен, кимиси малолетка экенин да билбейсиң. Мен аларды көрүп таң калам, биз билбегендин баарын билет. Бул жакка жаш кезинен келгендер баары бир оңолбойт. Бошотулат да кайра эле келишет. Мен, мисалы, 5 жылдан бери отурам, үч келип, үч кеткендер да бар, - дейт Жазгүл.

Жазгүлдун айтымында өспүрүмдөр кылмыш жасаган эжелерин көрүп, демек биз чоңойгондо деле ушундай жол менен кетсек болот экен да деген ойдо болуп, жада калса оор кылмышкерлерди өрнөк туткан учурлар да кездешет.

Мамлекеттик өкүлдөр Кыргызстандагы түрмөлөрдөгү абалды ондоо мамлекеттик казынанын чама-чаркына байланыштуу болорун белгилешет.

- Өкмөт Кыргыз Республикасындагы пенитенциардык системаны өркүндөтүү боюнча “Үмүт” деген улуттук программаны кабыл алды. А бирок, бул программаны кабыл алган менен, өкмөттүн акчасы жок, анан кийин сиз айткандай, акчам жок деп жүрө бербеш үчүн мен адилет министри катары Кыргызстанда иш алып барып жаткан чет элдик элчилерди, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилерин чакырып, ушул улуттук программанын презентациясын өткөрдүм. Бирок эми “түрмөңдү да мен салып беремби?!” деген сөз туулушу мумкун. Себеби бул мамлекеттин ички көйгөйлөрү. Бирок, айла жок. Мен ачык эле айтып жатам, Кыргызстанда биздин окуучуларыбызга, жетим-жесирлерге, майыптарга, кары-картаңдарга акча жетишпей жатканда, мен ушул кылмышкерлерге акча сурап, ушуну кургула дегенге тилим барбай, тартынып турам, - деди Марат Кайыпов.

Адилет министринин айтымында, мамлекеттик казынада каражат каат болуп жаткан менен, Өкмөттүн колунда түрмөдөгү жыйылып калган проблемаларды чечүүнүн башка мүмкүнчүлүктөрү деле бар:

-Кыргызстандагы бир ишкердин жеке менчиги бар. Бирок, ал банкрот болуп калып, мекемеси, имараттары иштетилбейт. Ошону менен бирге эле, анын ишканасы мамлекетке карыз экен. Ал ишкер, карызынан кутулуу үчүн ошол имаратын мамлекетке өткөрүп берүүгө макул. Ал имаратты мүмкүн силер түзөтүү колония катары колдоносуңарбы, аны өзүңөр карап көргүлө дейт. Бул иштин үстүнөн азыр биз иштеп жатабыз.

Улуттук «Үмүт” программасы боюнча 2010-жылга чейин түзөтүү мекемелеринин эң орчундуу көйгөйлөрү чечилүүгө тийиш. Мүмкүн, аялдар колониясы мыйзам талап кылгандай эле үч түрдөгү режимде уюштуруу келерки төрт жылдын ичинде ишке ашып калар.

Бермет Эгембердиева

XS
SM
MD
LG