Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:15

МАДАНИЯТ АФИШАСЫНДА ЭМНЕ БАР?


2-сентябрдан тартып 5-сентябрга чейин Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде кыргыз-жапон маданият жана көркөм өнөр фестивалы өтөт. Маданият министрлиги, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи жана Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги биргелешип уюштурган бул иш-чарага Жапон сүрөтчүлөр да келишет. Ал туурасында аталган музейдин жетекчиси Майрам Юсупова кабарлады:

-Хаманака деген дүйнөгө аты чыккан сүрөтчү баш болгон топ келе жатат. Булардын иштеген жанры Кыргызстанда жок. Бул өнөр негизинен Жапонияда, Кытайда, Кореяда өнүккөн.

Жапониядан келе турган бул сүрөтчүлөр мындай көргөзмөлөрүн Англия, Украина, Грузия да уюштурушкан. Ал эми Кыргызстанга 31-августта келишип, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн он беш жылдыгын майрамдоо салтанатына катышышат. Ал эми 2-сентябрда саат ондо фестиваль ачылат. Иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөрдүн эмгектерин чагылдырган көргөзмө менен катар устаттык сабактар да өткөрүлөт.

Фестиваль 5-сентябрда жыйынтыкталат. Ал эми Жапониядан келе турган топ келерки жылы да бул фестивалды улантаарын билдиришүүдө. Ал эми ал иш-чара быйылкы жылкы өтө турган фестивалдан айрымаланып концерттик программалар менен коштолмокчу.

Кыргыз-жапон маданият жана көркөм өнөр фестивалынан тышкары сүрөт музейинде атактуу айкелчилер Асанбек Турумбеков жана Альберт Мухудиновдун эмгектеринен турган көргөзмө ачылат. Ал эми 31-августта дагы бир белгилүү айкелчи Арстан Шаршекеевдин 50 жылдык мааракесине арналган көргөзмө болмокчу.

31-августта өлкөнүн эгемендүүлүгүн он беш жылдыгы белгиленет. Ага арналган иш-чара Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. Майрамдын программасы туурасында Бишкек шаардык мериясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Данияр Шабданов төмөндөгүлөрдү айтты.

-Майрамдык салтанат Ала-Тоо аянтында саат ондо башталат. Ачылышында өлкө башчысы Курманбек Бакиев жалпы кыргыз элин куттуктап сөз сүйлөйт. Андан кийин Бишкек шаардык мериясынын майрамга арналган программасы көрсөтүлүп, маданий борборлордун өкүлдөрүнүн салтанаттуу жүрүшү башталат.

Бул майрамга карата ошондой эле Акула ат майданында көк бөрү, ат чабыш, жорго салыш жана башка улуттук оюндар өткөрүлөт. Ошону менен бирге "Тунгуч" тамаша чоң программадагы театралдаштырылган оюн-зоогу болмокчу.

Эгемендүүлүктүн он беш жылдыгына арналган бул майрам Ала-Тоо аянтында эстрада ырчыларынын концерти менен жыйынтыкталат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG