Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

17:00 Премьер-министр Феликс Кулов Күрпcай ГЭСин тооруган кырсык коркунучун четтетүү жөнүндө тапшырма берди


Премьер-министр бүгүн чыгарган токтомго ылайык, Күрпсай ГЭСин тооруган коркунучтун алдын алуу үчүн мамлекеттик казынадан 18 миллион сом бөлүнүүгө тийиш. Тоо арасындагы гидроэлектрстанцияга коркунуч туудурган кырдаалды жоюу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» акционердик коомуна жүктөлдү.
Бишкек-Ош жолунун 427 километринде Нарын дарыясын жээктеген асканын боорунда жараңка пайда болуп, ал Күрпсай ГЭСине коркунуч туудура баштаган. Өкмөт жиберген комиссия атайы барып, проблеманы жеринде иликтеп кайткан. Комиссия тоонун боору бузула турган болсо, ал Күрпсай ГЭСинен чыккан электр линияларынын тирөөчтөрүн кыйратып кетиши мүмкүн деп билдирген.

XS
SM
MD
LG