Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУ ҮЧҮН МЕЛДЕШ КЫЗЫДЫ


4 күндөн бери Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча Кубогуна арналган эл аралык мелдеш улантылып жатат. 28-августта жарым финалдык беттешүүлөр болуп, мыктылар иргелип чыкты.

Быйыл президенттин Кубогу жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Үч күндүк мелдештин жыйынтыгында 3 топко бөлүнгөн 9 командадан мыктылар иргелип, жарым финалдык беттешүүлөр башталды.

“Бишкектеги “Аккула” ат майданында көкбөрү командалары курч таймашууларга күбө боло алышты. Өз тобунда биринчиликти ээлеген Казакстандын Алматы облусунун “Жетисуу” командасы менен Чүй облусунун “Аракет” командасынын ортосундагы жарым финалдык таймашууда алгач эсепти казак жигиттери ачты. Биринчи таймда “Аракет” командасынын жигиттери улакты эки жолу тайказанга таамай таштап, алдыга чыгышты.

Экинчи таймда казакстандык Гиас Юлдашев эсепти 2:2кылып теңдегени менен демилгени чүйлүк улакчылар алышты. “Аракет” командасынын чабуулчулары Урмат Мусаев, Эрмек Шекитов, Мирлан Алсейитов өнөктөштөрүн алга сүрөп, казактарды улакты төрт ирет тайказандан алып чыгууга аргасыз кылышты. Экинчи тайм 6:2 эсебинде чүйлүк жигиттердин жеңиши менен аяктады.

Ушул жарым финалдын жеңүүчүсү Президенттин кубогунун финалында ойноо укугуна ээ боло тургандыктан үчүнчү тайм да курч мүнөздө өткөнүн өлкөнүн көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев айтты:

- Быйыл президенттин Кубогун өлкөдөгү мыкты командаларыбыз дагы четте калбасын өлкөдөгү көкбөрүнүн деңгээлин көтөрөлү деген максат менен клубдук система менен өткөрүп жатабыз. Байгелери да такталып президенттик фонддон 3 млн. сом бөлүнүп жатат. Баш байге үчүн таймашуу 31-августта болмокчу. Ошондуктан мөрөй талашуулар курч мүнөздө өтүп жатат. Казактар кыргыздардын мыкты аттарын көзүнө карабай сатып кетип жатышканы менен кыргыз жигиттери намысты колдон чыгарбай аракет кылып, баш байгенин талапкерлери болушту.

Үчүнчү таймда казактар бир ирет гана жооп кылганы менен Чүй облусунун “Аракет” командасынын чабуулчусу Урмат Мусаев дагы бир жолу улакты тайказанга таштоо менен жеңишти бекемдеп койду. Ошентип чүйлүк жигиттер 7:3 эсебинде Алматы облусунун “Жетисуу” командасын утуп алуу менен баш байгенин биринчи талапкери болушту. Ушул команданы түзүп, жигиттерге көкбөрү оюнунун сырларын үйрөткөн белгилүү каскадер Эдил Чокубаев шакирттерине ыраазы экенин айтып, казактарга намысты алдырбай сактап калышканына кубанганын жашырган жок.

Быйылкы Президенттин Кубогуна арналган турнирге Нарын, Талас, Ош, Чүй облустарынын командалары жана Казакстандын 2 командасы катышууда. Ал эми экинчи жарым финалдык беттешүүгө Талас облусунун “Манас ордо- Альянс” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы таймашууга чыгып, натыйжада 4:3 эсебинде бишкектиктер утуп, баш байгенин экинчи талапкери болушту.

29- августта 3-4- орундар үчүн беттешүүлөр өткөрүлүп, 31-августта баш байге үчүн таймашуу Чүйдүн “Аракет” жана Бишкектин “Бөрүлүү” командаларынын ортосунда болот.

Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 3 млн. сом каражат бөлүп жатат. Эгемендүүлүк майрамында Бишкектеги “Аккула” ат майданында көкбөрүнүн финалы жана театралдаштырылган спорттук көрсөтмөлүү оюндар да болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG