Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

БИШКЕК МЕНЕН ТАШКЕН ТИЛ ТАБЫШУУДА, НАТЫЙЖАСЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Кыргызстан менен Өзбекстан бийликтери акыркы мезгилде тил табышып, өз ара сапарларды уюштурууга өтүштү.Кезектеги бул жакындашуу эмне менен аякташы ыктымал? Эки мамлекеттин ортосунда кандай чечилбеген маселелер бар?

Эки мамлекеттин ортосундагы чечилбей, кыйынчылыктарды жараткан чек ара жана суу-энергетика маселеси болуп келатат. Март ыңкылабынан кийин Анжиян качкындарына байланыштуу чатак Бишкек менен Ташкен мамилесин ого бетер татаалдатып жибергени белгилүү. Бирок быйылкы жылы Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнө жана диний экстремисттерге каршы Бишкектин чечкиндүү чараларды көрүшү Өзбекстанда түшүнүүчүлүктү таап, натыйжада президент Ислам Каримов президент Курманбек Бакиевди Ташкенге сапар менен келип кетүүгө чакырды. Сентябрга белгиленген ал сапардын алдында тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов өткөн жума соңунда Ташкенде болуп кайтты.
Сапар учурунда министрликтер ортосунда кызматташуу боюнча протоколго кол коюлган. Андан сырткары аралыгы 1295 чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасынын делимитацияланган 1045 чакырымын бекитүү тууралуу келишим жана эки мамлекеттин атуулдардынын 60 күн бою визасыз өз ара каттамдарын камсыз кылуу боюнча келишимдин жоболору макулдашылган. Аларга президент Бакиевдин Ташкенге сапары учурунда кол коюлмакчы. Ал эми сентябрь айынын баш чендеринде кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссия жыйыны болмокчу. Министрликтин КМШ башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Алымкуловдун айтымында, өкмөт аралык комиссия соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт маселелерин карамакчы.

Эки мамлекеттин соодасынын көлөмү акыркы жылдары өсүү жолуна түшүп, быйылкы жылдын биринчи үч айлыгында 23 миллион долларга жеткен.Маселен, 2000-жылы кыргыз-өзбек соодасынын көлөмү 164 миллион долларды түзсө, 2003-жылы 55 миллион долларга түшүп калган. Андан кийин өз ара соода акырындап өсүп, 2005-жылы 77 миллион доллардан ашкан. Бирок соода балансы олуттуу түрдө Өзбекстан пайдасына ооп турат.

Кыргыз өкмөтүнүн мурунку вице премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында Кыргызстан менен Өзбекстан чече турган маселелер өтө арбын:

-Өзбекстан эки жылдан бери газ бербей келет. Кадамжай районундагы газ түтүгүн 1992-жылдан бери өткөрүп бербей келатат. Андан сырткары Алабука районунун аймагындагы Ортотокой, Карасууудагы Кемпирабад суу сактагычтарын да өткөрүп бербей келатат. Булардан сырткары көптөгөн маселелер бар.

Бул маселелерди чечилишине, Базарбай Мамбетовдун пикиринде, Кыргызстандын Өзбекстан менен иш жүргүзгөн мамлекеттик структура, мекемелеринин бир жеңден кол чыгарган бирдиктүү, макулдашылган саясатынын жоктугу, Ташкен менен тең ата саясаттын жүргүзүлбөгөнү терс таасирин тийгизип келатат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Курманбек Бакиевдин сапары учурунда суу-энергетика сыяктуу олуттуу маселелердин чечилиш күмөндүү деген пикирин билдирет:

-Суу-энергетика тармагында маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк жок. Анткени жалпы кызыкчылык жок. Биз суу берүүчү, ал эми Өзбекстан суу керектөөчү. Ошол сууну сактап, топтогонго кеткен чыгымды жалпы төлөйлү дегенге алар каршы чыгып жатпайбы. Ошого окшогон ортодо келишпестик нерселер көп.

Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Өзбекстан ислам кыймылынын активдеши, Ооганстанда кырдаалдын курчушу Кыргызстан менен мамилени оңдоого Өзбекстанды мажбур кылууда.

Борбор Азия регионундагы өтө курч чечилбеген маселелерден болгон суу-энергетика маселесин регион мамлекеттеринин президенттери 2-сентябрда Астанада боло турган бейформал саммитте да талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG