Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

ИШКЕР СУЛАЙМАНОВГО КОЛ САЛГАНДАР КАРМАЛДЫ


Ишкер Мугруш Сулеймановго кол салгандар аны өлтүрүүгө аракет кылышкан атайын жалданган адамдар, деп билдиришти Сулеймановдун жубайы жана уулу маалымат жыйынында. Алардын айтымында, ишкердин артынан белгисиз адамдар бир топтон бери акмалап жүрүшкөн. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, Сулеймановду тоноого аракет кылышкан деген шек менен үч адам кармалып, учурда алар тергөөдө көрсөтмө беришүүдө.

Ишкер Мугруш Сулеймановдун уулу Руслан Сулейманов атасына кол салгандар мурдатан даярданып жүрүшкөн, кимдир бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулган деген бүтүмгө келгенин маалымат жыйынында билдирди.

-Бул иш мурдатан даярданып жүргөндөрдүн колунан келди. Алардын максаты талап-тоноо эмес атамдын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирелик дешкен. Атамдын жанында көлөмдүү суммадагы акча бар эле ага тийишкен эмес.

Ал эми Мугруш Сулеймановдун адвокаты Толкунбек Исаковдун айтымында, ишкер Сулеймановго кол салган делип шектелген үч адам Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Адвокат ошондой эле Сулеймановдун буга чейин башкы прокурор Камбаралы Конгантиев менен анын иниси Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев тарабынан мыйзамсыз куугунтукталганын айтты.

-Ушул убакка чейин Сулеймановду төрт жолу мыйзамсыз камашкан. Анын үстүнөн көптөгөн кылмыш иштерин козгошуп, кээ бир иштер кыскарып, кээ бир иштер ачылып, айтор бир жылдан бери мыйзамсыз куугунтукталып келген. Эмне үчүн бул Конгантиевдерге сөз тийип атат? Себеп дегенде, кылмыш иштерин карап көрсөк бардыгы башкы прокуратура тарабынан козголуп, тергөө үчүн Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тиешеси жок адамга деле маалым болуп турбайбы, бул эки органдын башында кимдер тургандыгы.

Адвокат белгилегендей, Сулейманов менен Конгантиевдердин ортосундагы маселе боюнча президенттик администрация тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Исаков тергөө амалдары бүткөндөн кийин Сулеймановго кол салууга ким буйрук бергени ачыкка чыгат деген ишенимде экенин билдирди.

Молдомуса Конгантиев болсо Сулеймановдун дооматы негизсиз, жалган жалаа жабуу, деп четке кагып келүүдө.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мадияр Кулуевдин маалымдашынча, мындан эч кандай саясий «кынтык» табуунун кажети жок. Сулеймановду тоноо максаты менен үч адам кармалып, учурда алар тергөөдө көрсөтмө берүүдө.

-Сулеймановдун чөнтөк телефонун тоноп кеткен үч киши кармалып, азыркы кезде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп атат. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайда.Тергөө бүткөндөн кийин бул иш сотко ашырылат.

Мугруш Сулеймановдун аялы Светлананын айтымында, 23-августта эртең менен саат сегиз чамасында белгисиз эки адам Сулейманов үйүнөн чыгып келатканда кол салып, таяк менен сабап, тепкиге алган. Светлана кошуналарын жардамга чакырып, арачалап калган. Денесинен жана башынан оор жаракат алган Сулейманов шаардын №4 ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң менчик ооруканалардын бирине которулуп, учурда ал жерде даарыланып жатат.

XS
SM
MD
LG