Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ КЫРДААЛ


Нарын АЙЫП, Прага Айрым кабарларга караганда, Иракта азыр ич-ара согуш башталаар алдында, кээ бир саясатчылардын пикиринде болсо - чындыгында ич-ара согуш Иракта жүрүп жатат.

"Нью-Йорк таймс" гезитинин жазганына караганда, азыр АКШнын чалгындоо кызматтары Ирактагы абал боюнча кеңири доклад даярдап жатат. Июлдун аягында АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерлерин башкарган генерал Жон Абизейд Сенаттын комитетинде чыгып сүйлөп, эгер акыркы түзүлгөн абал өзгөртүлбөсө, Иракта чыныгы ич-ара согуш башталат деп билдирген. Ошондуктан акыркы апталарда Ирактын ар башка аймактарынан борбор калаа Багдад шаарына көптөгөн кошумча америкалык аскерлер топтолду.

Өлкөнүн вице-президенти Адил абд ал-Махдинин айтымында, Багдадка кошумча аскерлердин келгени ич-ара согуш коркунучун жок кылды: "Багдад шаарындагы коопсуздукту камсыз кылуу планы өзгөчө мааниге ээ. Бул биздин - ич-ара согуш жөнүндө сүйлөгөндөргө берген жообубуз. Биздин оюбузча, ич-ара согуш чыкпайт", - деди вице-президент 25-августта.

Анын эртеси Багдад шаарында ири конференция өткөрүлдү жана анда премьер-министр Нури Камил ал-Малики чыгып сүйлөп, өлкөнүн ар башка уруулары биригип аракеттениш керек деп билдирди жана бир топ уруунун жетекчилери атайын келишиге да кол койду.

Анткен менен ошол эле 26-августта белгилүү шийи саясатчысы Абдел Азиз ал-Хаким атайын билдирүү менен чыгып, Ирактын борбордук жана түштүк аймактары өз алдынча автономияга бөлүнүш керек деп жарыялады. Премьер-министрдин пикиринде, андай болгондо Ирак мамлекет катары чачырап кетет. Ал күндүн эртеси, 27-августта премьер Малики "Си-эн-эн" сыналгысына интервью берип, Иракта эч кандай ич-ара согуш коркунучу жок деп билдирди.

Куралдуу кагылышуулардын саны Иракта акыркы мезгилде көбөйдү жана алардын мүнөзү дагы өзгөрдү. Акыркы айларда диний аралык кагылышуулар болуп жатат жана ошондуктан көптөгөн саясатчы ич-ара согуш тууралуу айта баштады. Февралдын жыйырма экисинде Самарра шаарындагы шийилердин ал-Аскария деп аталган Алтын мечитинде ири жардыруу болуп, андан мечиттин алтындалган кумпасы урап түшкөндөн кийин суннилер жана шийилер ортосундагы куралдуу кагылышуулар күчөгөн жана аларды айрым байкоочулар ич-ара согуш деп да атап жатат.

Анткен менен акыркы апталардагы куралдуу аракеттердин мүнөзү өзгөрүп баратат. "Нью-Йорк таймс" гезити келтирген мааламыттарга караганда, америкалык жана ирактык куралдуу күчтөргө каршы үстүбүздөгү жылдын январында 1454 чабуул жасалган болсо, июлда андай чабуулдардын саны 2625 ке жетип, дээрлик эки эсеге көбөйдү. Январда Иракта 42 америкалык аскер курман болуп, дагы 287 адам жараат алса, июлда 38 аскер окко учкан, бирок жарадар болгондордун саны дээрлик эки эсеге көбөйүп, 518-ге жетти. Чабуулдар мурда карапайым адамдарга көбүрөөк багытталган болсо, акыркы апталарда алар негизинен аскерлерге каршы көрүлүүдө. Ошондуктан, эксперттердин пикиринде, тынчсыздануу үчүн негиз бар.

XS
SM
MD
LG