Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

ИРАНДА ШАЙЛОО ЭРЕЖЕСИ ЖАҢЫЛАНАТ


Иранда жыл сайын өкмөттүк апталык өткөрүлөт. Быйылкы жумалык 30-августта аяктайт. Бул жолку апталык азыркы бийликтерге калк үчүн быйыл кандай иштер жасалганы жана алдыдагы жылда эмнелер аткарылары тууралуу кенен-кесир кеп кылганга мүмкүнчүлүк түздү. Бирок азыр өлкөдө алдыда боло турган шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу талаш-тартыштар күчөдү.

Ирандыктар быйыл жергиликтүү бийлик органдарын, эксперттер кеңешин жана парламентте бошогон төрт орунга жаңы депутаттарды шайлоого тийиш. Адатта мындай саясий өнөктүк ноябрда өткөрүлчү, бирок жакында ички иштер министри шайлоо декабрда болорун билдирди.

Ички иштер министрлиги шайлоо эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзам долбоорун быйыл жайда парламентке киргизген эле. Улуттук межилис аны кабыл алса, декабрдагы шайлоо жаңы тартипте өтүшү мүмкүн. Азырынча сунуш кылынган өзгөртүүлөр коомчулукта кеңири талаш-тартыштарды жаратып жатат.

Баарыдан мурда быйыл эксперттер кеңешине кимдер шайланат – ушу маселе ирандыктардын бир топ бүйүрүн кызытууда. Бул кеңеш - мамлекеттик эң жогорку бийлик органдарына кирет, 86 кишиден турган анын составы ар бир сегиз жылда жаңыланып, жалпы элдик добуш берүү ыкмасы менен шайланат. Кеңешти диний лидер аятолла Али Хомейни өзү контролдойт.

Иранда бардык бийлик органдарына шайлангысы келген талапкерлерди алдын-ала териштирип,алардын канчалык өлчөмдө мамлекеттик кызматка татыктуу экенин аныктоо шайлоо комиссияларына,маалымат жана коопсуздук министрлигине,полицияга жана сот бийлигине жүктөлгөн. Жаңы долбоордо алардын катарына революциянын сакчылар корпусунун аскерлештирилген Басиж структурасын кошуу жагы каралган. Көпчүлүк саясатчылар бу сунушту Иран ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хомейнинин осуяттарына каршы келет, шайлоо процессин аскерлештирүү аракети деп сынга алышууда.

Мындан тышкары өлкөнүн конституциясына ылайык,Байкоочулар кеңеши жалпы улуттук шайлоо процесстерин контролдогонго,талапкерлерди шайлоодон алып салганга, добуш берүүнүн натыйжаларын жаратпай салганга укуктуу. Жаңы долбоордо Байкоочулар кеңешине жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлө турган шайлоого да ушундай көзөмөл жүргүзгөнгө укук берүү каралган. Көпчүлүк саясатчылар муну да демократиялык логикага кайчы келген сунуш деп аташты. Алардын бири Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү бир эле мезгилде Эксперттер кеңешине талапкер болуп жатышканын,кокус жаңы түзөтүү кабыл алынса,алар өздөрүн өздөрү шайлаганга мүмкүндүк аларын белгиледи.

Көптөгөн пикирлерде шайлоо иштеринде саясий партиялардын ролун жана укуктарын кеңейтүү идеялары айтылууда. Бейтарап байкоочулар болсо Иранда азыр парламент менен өкмөттү консерваторлор контролдоп турганын эске салып,жаңы сунуштарды межилис тастыктап салышы да ыктымал дешет.

XS
SM
MD
LG