Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

ЖАЛАЛАБАТ: УНУТУЛГАН ШААРЧАДАГЫ КАЛК УРАН КАЛДЫКТАРЫНАН ЖАБЫРКООДО


Облустун «Кызылжар-12» шаарчасындагы уран калдыктарынын күчү адаттагыдан 30 эсе ашык. Жергиликтүү калк жумушсуздуктун айынан уран көмүлгөн жайлардын курулуш материалдарын сатып жан багат. Уулуу заттын калдыктары ден соолукка таасир этип, аялдардын боюнан түшүп,наристелер майып болуп төрөлүүдө. Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын маалыматы боюнча шаарчадагы жагдайга көңүл бурулбай калган.

Беш миңден ашык адам жашаган «Кызылжар-12» шаарчасы Аксы районунун аймагына жайгашканы менен Ташкөмүр шаарынын карамагында турат. Шаарча кээде Майлысай деп да аталып жүрөт. Айылдын аты уран калдыктары көмүлгөн Майлуусуу шаарына окшош болгондуктан экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин бул жерде иштетилген уран калдыктарын бийлик жана тармактык кызматтар эстебей калган.

Шаарчада уран калдыктары үч жерге көмүлгөн. Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын билдирүүсү боюнча көңүлдүн баары 23 уран уясы бар Майлуусуу шаарына бурулган. Майлуусууда Бүткүлдүйнөлүк жана Азия өнүгүү Банктары менен кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен долбоору иштеп жатат.

Башкармалыктын адистери өлчөгөндө, радиациялык фон шаарчадагы айрым уяларда 670 микрорентгенден ашык экендиги аныкталган. Мекеменин башчысы Гамаль Сооронкулов кезегинде «Кызылжар-12» шаарчасында Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн ташылып келинген он миң тонна уран иштетилгенин билдирди. Уран калдыктары агын суулар менен Нарын дарыясына кошулуп, бүткүл Фергана өрөөнүнө залакасын тийгизүүсү ыктымал:

- Шахтанын тегерегинде 670-680 микрорентгенге чейин көрсөткүчтөр бар экен. Мурдагы жылдан баштап Кытайга темир-тезектерди тапшыра баштаганда, ошол жердеги темирлерди да чогулткан экен. Ал суу менен агып келип Нарын дарясына, андан ары Сырдарьяга агып Фергана өрөөнүнө чоң зын келтириши мүмкүн,- дейт Гамаль Сооронкулов.

Жергиликтүү калк менен жолугушканда алар Гамаль Сооронкуловго онкологиялык оорулар көбөйүп бараткандыгын жана аялдар өлүү төрөлгөн балдарды кыргызчылык кылып, айтпай эле жашырып коюшаарын билдиришкен. Шаарчадагы жагдайга тармактык кызматтар кайдигер карашат. Башкармалык табиятты сактоо жана уран калдыктарын зыянсыздандыруу жөнүндө маселени чукул кырдаал жана экология кызматына билдиргенде, акыркылар маселени кайра башкармалыктын өзүнө жүктөгөн. Анын айынан абал өзгөрбөй, адамдар жабыр тартууда, дейт жетекчиликке жаңы коюлган Гамаль Сооронкулов:

- Эмне үчүн ушунча жылдан бери Кызылжар-12 ге көңүл бурулбай жатат. Менин келгениме аз эле болду, ушул маселенин этегине жетемби деп айылдын тургундарына чогулушта убада берип келдим. МЧС биздин агенттике, биздикилер МЧСке берип аткан экен, ошол эле маалда баягы эле микрорентген турат.

«Кызылжар-12» шаарчасындагы калктын басымдуу бөлүгү жумушсуз. Иштин жоктугунан айрым адамдар уран калдыктары көмүлгөн жайларды бузуп, темир-терсеги менен курулушка жарактуу материалдарды сатып жан багышат. Уулуу заттын калдыктарынан улам жүрөк, кан тамыр жана аллергия оорусуна чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Кош бойлуу аялдар каны азайып, балдары майып болуп төрөлө баштаганын башкармалыктын экспедициясы менен кошо ал жерге барган тележурналист Гүлзина Мондоевага айтып беришкен:

- Бүгүнкү күндө келиндердин ичиндеги баласы өлүк түшүп жатат. Андан тышкары тубаса майып балдар көп төрөлүп жатат. Жумушсуздук күч алгандан бери уран калдыктары көмүлгөн жерден элдер кирпичтерди чыгарып сатып атышат.

Анткени менен Чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин облустагы бөлүмүнүн маалыматы боюнча шаарчадагы радиациялык фон белгиленген өлчөмдөн ашыкча эмес. Бөлүмдүн башчысы Пазылбек Кенжебаев Майлуусуу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн жайларда зыянсыздандыруу иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады:

- Көчкү коркунучун жеңилдетүү жана уран калдыктарын бекемдөө боюнча иш жүрүп жатат. Бул жер кайрадан бетондолот.

Губернатордун орунбасары Айбек Акбаров маселени жогорку уюмдарга билдирерине ишендирди. Тиешелүү кызматтар кандайдыр бир аракеттерди көрөөрүнө анын үмүтү чоң:

- Комиссиянын мониторинги боюнча ал жерде азыр аш алып барылып атат. Чиновниктер проект жазып кайрымдуулук фонддорго кайрылып атышат, аз убакытта ал жерде да иш башталып калышы мүмкүн - деди губернатордун орунбасары Айбек Акбаров.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG