Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

30-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1760-жылдын 30-августунда циндик кытай армиясы Чыгыш Түркстандагы козголоңчуларды кууп Орто Азия аймагына кирген. 1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун эли жана Семизбелди жердеген арык тукуму 30-августта Тоңго келип жайланышты.

Көпөс А. Шиховдун жазган көрсөтмөсүнө караганда 1760-жылдын 30-августунда циндик кытай армиясы Чыгыш Түркстандагы козголоңчуларды кууп Орто Азия аймагына кирген. Цин жазалоочу отряды 9 миң чамалуу аскерден куралып, алар Фергана өрөөнүнө чейин жетишкен. Орус соодагеринин кабарлоосуна ылайык, мында аларга каршы кыргыз жана өзбектердин биргелешкен колу аракет көрүп, алар 7 миң чамалуу кытай аскерин талкалашкан.

Соодагердин маалыматына караганда коншу калктар кыргыздарды «бурут» деп аташкан.

1916-жылдын бу күнү Түркстан генерал-губернатордугунда кыргыз козголоңчуларынан жана бейпил калктан тартылып алынган малдын мыйзамдуулугун териштирүү туурасында көрсөтмө кабыл алынган. Анда айрым учурларда аскерлер күч колдонуп, каршылык көрсөтпөгөн калктын малын тартып алып атканы айтылат. Мындан тышкары, орустарга каршы чыккандар жазалана тургандыгы белгиленет. Ал эми козголоңго катышпаган калктын бейпилдигин коргош үчүн керектүү чаралардын иштелип чыгыш зарылдыгы коюлат.

1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун эли жана Семизбелди жердеген арык тукуму 30-августта Тоңго келип жайланышкан. Шабдан баатырдын балдары жана Төлө, Мамыт, Алагуш, Баяке, Далбай балдары баштаган манаптар, сарыбагыш, бугу жана саяктан кошулган миң чамалуу түтүн кыргыздар биригишип, орустар менен кырчылдашабыз деп көл кылаасындагы Улаколго токтолушкан.

1937-жылдын бу күнү «Правда» гезитинде В. Овчаровдун «Буржуазные националисты» аттуу макаласы жарык көрдү. Андан көп узабай ага үндөш макалалар Кыргызстандын партиялык гезиттеринде жарыяланып, жергиликтүү жетекчилерге каршы каралоо компаниясы жүрүп, ал сая түшкөн куугунтук менен уланып, акыры улут сыймыгы эсептелген интеллектуалдар камакка алынып, алардын көбү атылып кеткен.

2003-жылдын бу күнү борбор шаардын Ала Тоо аянтында Кыргыз мамлекетинин эгемен-эркин даңазалаган «Эркиндик» эстелиги ачылды. Бийиктиги 11 метрдик колодон жазалган эстеликте кыргыз калкы кылым көксөгөн эркиндик-Эне образы аркылуу берилген.

Бу күнү, б. з. ч. 30-жылы Египет ханайымы Клеопатра VII өзүнүн жанын кыйып, 1787-жылы француз королу Людовик XVI парламентти таратып, 1941-жылы фашисттик Германия Ленинград шаарын блокадага алып, 1797-жылы англис жазуучусу Мэри Шелли, 1852-жылы голланд химиги, химия боюнча биринчи Нобель сыйлыгынын лауреаты Якоб Вант-Гофф, 1871-жылы швед физик-химиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Теодор Сведберг, 1954-жылы Белоруссия президенти Александр Лукашенко жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG