Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 15 ЖЫЛ: УТКАНЫ ЖАНА УТТУРГАНЫ


Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдардагы ийгилиги катары эл өз алдынча эмгек кылууга үйрөнүп, жеке менчиктин даамын татып, анын арты менен тейлөө, кызмат көрсөтүү, соода-сатык тармагы алдыга өскөндүгү белгиленет . Ошол эле учурда 15 жыл аралыгында айыл чарбасы, өнөржайы талкаланып, эл жумушсуздуктун айынан тентип, Кыргызстан 2 миллиард доллар карызга батты деген ачуу сындар айтылат.

Кыргызстандын мындан 15 жыл мурдагы экономикасы жөнүндө кеп кылганда көпчүлүк элдин көз алдына 11 миллиондон ашык ашык жайылып жүргөн койлор жана Бишкектеги Ленин, Фрунзе, Оштогу Жибек комбинаты сыяктуу бир нече өнөр жай ишканалары келет. Кыргыз коомчулугунда эгемендүүлүктүн жылдарында 11 миллиондон ашык койдун 3-4 миллионго чейин кыскарышы, завод-фабрикалардагы миңдеген жумушчу орундарынын жок болушу экономиканын талкаланышы катары эсептелет. Экономика серепчилери мындай жагдайдын кесепетинен Кыргызстандын экономикасы сырткы факторлорго көз каранды болуп, бай мамлекеттердин, эл аралык финансы институттарынын көзүн карап, өз өндүрүшү өр тарта албагандан кийин товарларды сырттан ташып келүүгө аргасыз болуп келатканын белгилешет.

Деги Кыргызстандын эли эгемендүүлүк жылдары экономика жаатында эмнеге жетишти деген суроо туулат. Коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун пикиринде 15 жылда эл совет доорундагыдай өкмөт жасап берет, мамлекет мен үчун кам көрөт деген жатып ичер жан бактылыктан кутулуп, өз жанын өзү багып, өз оокатын өзү тыңдап жашаганга үйрөндү. Ар кимдин тагдыры өз колунда экендигин түшүндү, өзүнүн күчүнө өзү ишенип калды. Ошонун арты менен республикада тейлөө, кызмат көрсөтүү, соода-сатык тармагы бир топ алдыга кетти, ага карапайым эл өзүнүн аракети менен жетти .

- Элде бирөөдөн үмүт байлап, бирөө бизге чечип берет, турмушубузду жеңилдетет деген совет доорундагы пикир жокко кетти. Эл өзүнүн күчүнө өзү ишенип калды. Эгемендүүлүгүбүздөгү эң негизгиси ийгилик ушул,- дейт Дастан Сарыгулов.

Сарыгулов мырза акыркы15 жылда Кыргызстандын экономикасына көлөкөсүнө түшүргөн, сызга отургузган эки нерсени белгилейт. Биринчи, өлкөнүн тышкы карызы 2 миллиарддан ашып кеткени, экинчиси, ички дүң продукциянын 40 пайызы көмүскө экономикага тиешелүү болуп жаткандыгы. Ага кошумча коррупциянын гүлдөп келгенине кейийт:

- Демек, ички дүң продукциянын жарымы көмүскө иш кылып жүрсө республика экономикасы кантип оңолот? Өткөн жылдардагы чоң кемчилик ушул жерде болду. Паракорлук кадам шилтеген жерде болуп келатат ,- дейт Дастан мырза.

Эгемендүүлүктүн келиши элет элинин экономикасына чоң сокку урганы айтылып келет. Өкмөт мамлекеттик малды, техниканы, жерди таратып берип, айыл турмушун талкалады деп жер сабагандар да аз эмес. Ал эми убагында малды, жерди үлүшкө бергени элди ачкачылыктан, социалдык чыңалуулардан сактап калды деп аргумент туткандар да бар.

- Маселенин эки жагы болот экен да. Эл малды, жерди алды. Ошол мезгилде алгандарын тамак-ашка, майга жана башкага айырбаштап малдын башын кыскартып алдык. Бирок, убагында ошол мүлктү мамлекет бергени үчүн элди ачкачылыктан сактап калдыкбы деген да ой туулат ,- дейт Акталаа районунун акими Алмаз Кулматов.

Элет жергесинде 15 жылда кандай өзгөрүүлөргө жетиштик, кандай кемчиликтер кетип, кайсы маселелерге көңүл бурулбай келген деген суроолор менен Акталаанын акими Алмаз мырзага кайрылганыбызлда ал буларга токтолду:

- Айыл жеринде рыноктун шартын түшүнүп, жанталашып эмгектенгендер, чапкылып, белин бекем буугандары бутуна туруп, оокатын тыңдап алышты. Ал эми дагы эле өйдө жакты карап, бирөө келип бүтүрүп берет деп күтүп отургандар жакырчылыкка белчесинен батты.

-Азыр сиздердин райондо жалкоолор дагы эле көпбү?

- Эми жылдан-жылга жамбаштап жаткан жалкоолор азайууда.

-Айыл жеринин экономкасын көтөрүүдө бул убакка чейин эмнелерге көңүл бурулбай келди деп ойлойсуз?

- Сугат системасы эстен чыгып кетти, миңдеген жерлер өздөштүрүлбөй жатат, айыл чарба техникалары эскилиги жетип бүттү, адистештирилген чарбаларды өстүргөн жокбуз. Анан кайра иштетүү тармагын көтөрө албай жатабыз. Мына биздин республика миңдеген гектар жерге дан эгиндерин айдайбыз, баарын эле чийки түрүндө эле сатабыз. «Кириешка» деп коюшат го нанды кургатып, майдалап, туздап туруп пакетке салып сатканга жеталбай жатабыз да , -дейт Акталаанын акими Кулматов мырза.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG