БИШКЕК. Тыюу салынган Хизб-ут Тахрир партиясы Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүн кулчулук катары мүнөздөп, чыныгы эгемендүүлүк Халифат курулганда гана жаралат деген пикирлер айтылган баракчаларды таратууда. Милиция акыркы күндөрдө мындай баракчаларды таркатып жүргөн 4 адамды кармаган.