Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

ХАСАВЮРТ ШАРТНАМАСЫНАН ЭМНЕ КАЛДЫ?


Мындан он жыл илгери, 1996-жылдын 30-августунда Россиянын коопсуздук кеңешинин ошо кездеги катчысы Александр Лебедь Дагестандын Хасавюрт кыштагында чечен күчтөрүнүн штаб башчысы Аслан Масхадов менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тараптар согушту токтотуунун саясий шарттары аныкталган атайын декларацияга жана документке кол коюшкан. Аларды кийин Хасавюрт шартнамасы деп аташкан эле.

Хасавюртта макулдашылган шарттарга ылайык, 1996-жылдын этегине чейин Чеченстандан бардык федералдык күчтөр чыгарылмак. Ал эми 2001-жылы тараптар өз ара алакаларын аныктаган келишим түзүшмөк.

Хасавюрттагы шартнама эки жылдык оор согуштан жапа тарткан чечендер үчүн жакшы үмүттүн шооласын жандырган. Ушу тапта Москвада жашаган Асия Мусаева он жыл мурдагы ошол окуяны эстеп, келишим түзүлгөндө чоң бир бурулуш болот деп элде ишеним пайда болгонун, уруштун азап-тозогунан арыла турган күн жакындап калгандай көрүнгөнүн эскерди. Бирок көп өтпөй, уруш кайра уланып, элдин шаабайы сууган.

Оңдой берди болгондо Хасавюрт чын эле бурулуш учур болуп калмак. Ошо жылы ноябрда Кремлде Ельцин менен Масхадов экономикалык мамилелер, согуштан жапа чеккен чечендерге компенсация төлөп берүү тууралуу макулдашкан. Кийинки жылы январда Масхадовду чечендер президент кылып шайлаган, аны эл аралык коомчулук тааныган. 1997-жылы 12-майда ал Кремлде Ельцин менен тынчтык келишимине кол койгон. Бу келишим Москва менен Грозныйдын ортосундагы бардык аразды жок кылат, деп айткан эле ошондо Масхадов. Бирок анын үмүтү акталган жок. Масхадовдун мурдагы муратташтары Чеченстанды ислам мамлекетине айлантканга умтулуп, президенттин жолуна каскак, ишине кедерги боло башташты. 1999-жылы жайда Дагстанга басып кирип, экинчи чечен согушунун башталышына себепчи болушту. Андан бери эки тараптан тең канча бир адамдын өмүрү кыйылды, Масхадов өзү да федералдык күчтөрдүн колунан тындым болду.

Швейцариялык дипломат Тим Галдиманн 1996-97-жылдары Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Чеченстандагы миссиясын жетектеген. Ал Хасавюрттагы сүйлөшүүлөргө катышкан жана арачы иретинде документтерге да кол койгон. Хасавюрт процесси жакшы башталган, деп эскерет ал. Бирок кийинки жылдардагы окуялар аны ойрондоп таштады. Галдиманн Хасавюрт шартнамасында орус тарабы чечендердин көз карандысыздыгын тааныган, бирок аны эми моюндабай жатат деген пикирлерди таптакыр четке кагат. “Хасавюрт шартнамасын көбү,анын ичинде эл аралык айрым эксперттер орустардын Чеченстандын көз карандысыздыгын тааныганы катары түшүндүрүп жиберишти. Мен мындайды документтерден көргөн эмесмин, аларда болгону эл аралык эрежелерге жандата жасалган шилтемелер бар болчу, бирок мунун өзү эгемендикти таануу дегенди билдирбейт”, - дейт Галдиманн.

XS
SM
MD
LG