Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

АННАНДЫН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ САПАРЫ УЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын Жакынкы Чыгышка болгон сапары уланууда. Шаршемби күнү ал Израил жана Палестина автономиясында болуп, кечинде Йорданияга келди.

29-августта Кофи Аннан Ливандан Израилге келген жана 30-августта жөөт премьер-министри Эхуд Олмерт менен жолукту. Андан кийин Палестинага барып, автономиянын төрагасы Махмуд Аббас менен кездешти, андан соң кечинде Йорданияга келди жана Жакынкы Чыгыштагы абалды падыша Абдалла менен талкуулайт.

Бирок Аннандын Израилге болгон сапары күтүлгөндөй ийгиликке алып келген жок. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы боюнча жөөт аскерлери Ливандан кетиш керек болчу, бирок эмгиче кете элек жана Израил эмгиче Ливандын блокадасын токтото элек. Натыйжада өлкө сырттан жетиштүү деңгээлде жардам ала албай жатат, ошондуктан Кофи Аннан жөөт жетекчилери менен жолукканда ал блокаданы ачуу маселесин көтөрдү, бирок ийгиликке жете алган жок.

"Блокаданы токтотуу маселесин мен бардык жолуккан жетекчилер менен сүйлөшкөндө көтөрдүм, ал тууралуу биз тышкы иштер министри менен дагы сүйлөштүк. Бул маселе Ливандын өкмөтү жана анын калкы үчүн өтө маанилүү. Бириккен Улуттардын резолюциясы толук аткарыла турган документ, бир нерсесин алып, башкаларын таштап салгандай ал - ашканадагы меню эмес," - деди Аннан Израилге барганда.

Бирок премьер-министр Эхуд Олмерт билдиргендей, резолюциянын башка бөлүктөрү аткарылмайынча, Ливандын блокадасын дагы Израил токтотпойт: "Резолюцияны аткаруунун негизги шарттарынын бири - туткунга алынган жөөт аскерлерин эч кандай шарт койбостон бошотуу. Бул маселе чечилмейинче, резолюция өзү толук аткарылды деп айтуу мүмкүн эмес", - деп билдирди жөөт өкмөтүнүн башчысы.

Туткундагы эки жөөт аскерин "Хeзболла" уюмунун жоокерлери барымтага алган жана дал ошол эки аскерди бошотууну максат кылып Израил Ливандын аймагына кирип, согуш баштаган. Бирок 34 күнгө уланган согуштун натыйжасында жөөт аскерлери аларды бошото алган эмес жана Бириккен Улуттар 11-августта резолюция кабыл алгандан кийин 14-августта өз аскерий аракеттерин токтотуп, Израил Ливандан чыга баштаган.

Ошол себептен "Хeзболла" уюму өзүн согушта жеңип чыккан тарап катары эсептейт. Ал туткундарды "Хезболла" - Израилдин абактарында отурган ливандыктарга алмаштырууну талап кылууда жана дал ошол себеп менен ал аскерлер барымтага алынган. "Хезболланын" мүчөсү жана Ливан өкмөтүндө министр болуп иштеген Мухаммед Фнейштин айтымында, согуш алдында ал тууралуу коюлган талаптар азыр дагы күчүндө. Фнейш менен жолукканда, Кофи Аннан - барымтага алынган жөөт аскерлерин "Кызыл чырым" уюмуна өткөрүп берүү талабын койгон. Түзүлгөн абалды Аннан эми Йордания падышасы Абдалла менен талкуулайт.

XS
SM
MD
LG