Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

БИШКЕКТЕ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Бишкектин борбордук Алатоо аянтында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Ага өлкөнүн президенти баш болгон мамлекеттик жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары, ардагерлер, шаар тургундары катышты. Салтанатта Бишкек шаарынын эмгек жамааттары параддан өтүп, эстрада чеберлери өнөрлөрүн тартуулашты.

Борбордук аянттагы салтанат эртең менен саат ондо башталып, «Жаш кыял», «Семетей», «Таберик» бий ансамблдери он минуттук бий композициясын көргөзүштү. Шаар башчысы Арстанбек Ногоев эгемендүүлүк күнүнө арналган салтантты ачып, президент Курманбек Бакиевге сөз берди. Өз сөзүндө Бакиев мамлекеттин негизги максаты ар бир жарандын жашоосун жеңилдетүү үчүн күчтүү экономикалык жана социалдык саясатты жүргүзүү экендигин баса белгиледи.

-Бүгүн сиздердин алдыңыздарда чыгып сүйлөп жатып, мен эгемендүүлүккө жеткенибиз, өлкөнүн азат өнүгүүсүндөгү эң алгачкы кадам болгондугун эсиңиздерге сала кетким келет. Азыр алдыбызда турган эң бир маанилүү милдет, бул эркин коомду мындан ары да өнүктүрүү, ар тараптан колдоого алуу. Маани-маңызын арттыруу.

Бакиев ошондой эле тарыхка кайрылып, кыргыздардын кылымдар бою эгемендүүлүккө умтулуусу Орус империясы менен достук байланышын түзүүгө өбөлгө болгонун, Советтер союзунун доорунда Орусия кыргыздарга эбегейсиз көп жардам бергендигин белгиледи.

Президенттин куттуктоосунан кийин Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин, ири компаниялардын кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери, өнөр адамдары, спортчулар парадга чубашты. Жыйырма миңге чукул адам катышкан парад бир сааттан ашык убакытты алды. Парадга келгендердин арасында мамлекеттик мекемелер парадга күчтөп алып келгендигине нааразы болгондор да болушту. Почта кызматкери Мира аттуу келин:

-Бул эгемендүүлүк күнү да. Кааласам келишим керек да, чынбы? Параддан өтүүгө мажбурлоонун кереги бар беле? Ушунча көпчүлүктү парадга жыйноонун кажети бар беле? Көпчүлүк келиндер айтып атышат үйдө оокаттарыбыз калды, деп. Мынча элди топуратуунун кимге кереги бар? Бакиевгеби?

Анын мындай пикирине Октябрь районунун администрация кызматкери Ормош Байботоев макул эмес. Мекеме-ишканаларга параддан өтүүгө катуу көрсөтмө берип, мамлекеттик администрация тарабынан мажбурлоо болгон эмес.

-Бул иш чарага эл өзү келди. Мына бүгүн деле биз параддан өтүп атканда силерге кошулалык деп кошулгандар болду. Даана Советтер союзунун мезгилиндеги майрамдай болду.

Өздөрүн Канат, Лариса деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургундары болсо бийликтеги айрым чиновниктердин ыгы жок каражат жумшап өткөргөн бул шаан-шөкөтү президентке жагынууга жасаган айрым чиновниктердин аракети катары бааларын айтышты. «Мындай иш чара Совет доорунан бери келаткан жасалма жасакерленүү, элдин атынан «ура-алап» ураан чакыртып эки жүздүүлүк кылуу менен барабар. Бүгүнкү көрүнүш «Пир во время чумы» деген чыгарманы аргасыз эске салат»,-дейт Лариса.

Майрамдык салтанатка 72 жаштагы эмгек ардагери Жумабай Эргешов да келген экен. Ал аянтка келген көпчүлүктү көрүп майрамдык маанайы көтөрүлгөнү менен пенсиянын аздыгын ойлоп заманасы куурулуп турганын жашырган жок.

Майрамдык салтанатты эмгекчилердин парадынан кийин кыргыз эстрада чеберлери улантты.

XS
SM
MD
LG