Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

ИРАНГА БЕРИЛГЕН МӨӨНӨТ БҮТТҮ. ЭМКИ КЕЗЕК САНКЦИЯГА КЕЛДИБИ?


Иранга ядролук программасына байланыштуу бардык иштерди токтотконго Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши берген мөөнөт бүгүн бүтөт. Тегеран эл аралык коомчулуктун талаптарын кандай аткарганы тууралуу Коопсуздук кеңешинде атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мохаммед ал-Барадейдин докладын күтүп жатышат. Эмдиги аптанын башталышында Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия Иранга каршы көрүлө турган чараларды талкуулашат.

Иран жайчылык максаттарда ядролук технологияларды өнүктүрүүдөн баш тартпай турганын президент Махмуд Ахмединежад бүгүн кайрадан ырастады.“Алар баары билип коюуга тийиш: Иран эли эч кандай кысымга жана агрессияга эзели көнүп бербейт жана өз укугун тепсеткенге жол койбойт”, - деп айтты ал өкмөттүк телеканалдагы сөзүндө.

Андан бир күн мурда АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Болтон Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык Иран 31-августтан кечикпей уран байытуу боюнча бардык иштерди токтотууга тийиш экенин, эгер талап аткарылбаса, кеңештин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын тышкы иштер министрлери мурда макулдашкандай, Иранга санкцияларды жарыялоо маселеси коюла турганын эскертти.

Мунун соңунан мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак эмдиги аптанын башталышында мамкатчынын орунбасары Европага барып, “алтылыктын” өкүлдөрү менен масилет өткөрөрүн ырастады.

Байкоочулардын айтымында, алты өлкөнүн өкүлдөрү санкцияларга байланыштуу бир жаңсыл пикирге келе алабы-жокпу, азырынча арсар. Лондон менен Вашингтон катаң жазаларды жактаса, Франция менен Германия кыйла байистүү чараларды колдойт көрүнөт. Бул эки өлкөнүн тең Иран менен соода-сатык алакасы бар. Ал эми Кытай менен Россия кризисти сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүнү оң көрүшөт.

Экинчи бир божомолдорго караганда, алты өлкө тең Иранга дипломатиялык жана экономикалык санкцияларды жарыялаганга макул болушу да ажеп эмес. Башкача болгондо Коопсуздук кеңешине,анын кадыр-баркына шек түшүп,ал эми Ирандын борбую ого бетер көтөрүлө түшмөк.

Кокус санкциялар жарыяланса, алар Ирандагы азыркы режимдин позициясына канчалык таасир тийгизе алары да күмөн. Буга байланыштуу Швециядагы тынчтык илим-изилдөө институнун ядролук проблемалар боюнча эксперти Шаннон Кайл иран өкмөтүнүн өзүндө пикир келишпестиктер бар экенин белгиледи. “Бир кызыгы – ирандын ырасмий өкүлдөрү жасаган билдирүүлөрдө айрымалуу апаздар байкалууда”, - дейт ал. Тышкы иштер министрлиги, Кайлдын баамында, биртке мунасалуу пикирде тургансыйт, ал эми Али Ларижани жана улуттук жогорку коопсуздук кеңешиндеги айрым өкүлдөр катаң позицияны карманып жаткандай. Мындай айрымачылыктарга кандай таасир тийгизе алат, бу көп жагынан, Кайлдын айтымында, эл аралык коомчулуктун Иранга жасаган мамилесине жараша болот.

Иран тышкы иштер министринин орунбасары Аббас Арагчи бүгүн Токиодо кризисти сүйлөшүүлөр жолу менен чече аларына Тегеран ишенерин жана мындай аракеттер жакынкы аралыкта башталарын билдирди.

XS
SM
MD
LG