Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

БЕСЛАНДАГЫ АЛААМАТТАН АМАН КАЛГАН МАЛИК КАЛЧАКЕЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТКЫСЫ КЕЛЕТ


Бесландагы алааматтан бери 2 жыл өттү. Бирок, бул каргашалуу күн Беслан шаарынын №1 мектебинин мугалимдери, окуучулары жана алардын ата-энелеринин көңүлүндө турат. Беслан окуясы Орусиянын гана кайгысы болгон жок. Бесландагы алааматтын Кыргызстанга да түздөн түз тиешеси болду. Барымтадан аман калган балдардын ичинде кыргызстандык Малик Калчакеев да бар эле. Малик 3 күн тамак жебей, суу ичпей кудайдын колдоосу менен гана аман калган.

Малик Калчакеевдин атасынын бир тууган агасы Мурат Калчакеевдин айтымында, Малик ошол каргашалуу күндөр тууралуу көп эстебегенге аракет кылат:

-Убакыт өтүп кичинеден унутуп бараткандай. Бирок ошол күндөр Маликтин да, ата-энесинин эсинен өмүрүнүн аягына чейин кетпейт да. Биз да Малик менен бул тууралуу сүйлөшпөйбүз. Кээде өзү көңүлү келип айтып калганы эле болбосо, биз деле сурабайбыз.Көңүлүн оорутпаганга аракет кылып жататбыз. Эми мурдагыга караганда бир топ эле түзүк болуп калды.

Бул окуядан кийин Ысык-Көл областынын мурунку губернатору Токон Шайлиева Калчакеевдердин үйбүлөөсүн өз мекенине чакырып, аларга Караколдон үй убада кылган. Бирок 24-мартта бийлик алмашып, бул убада жүзөгө ашпай сөз бойдон гана кала берди. Кыргызстанда жайшайбыз деген үмүт менен келген Калчакеевдердин үй бүлөөсү таарыныч менен кайра Бесланга кеткен.

Бирок, ушул жылдын апрель айында Ысык-Көл областынын губернатору Эсенгул Өмүралиев Калчакеевдердин үйбүлөөсүнө Караколдон үч бөлмөлүү үй берди. Бирок Малик ата энеси менен дале Бесланда жашап жатышат. Мурат Калчакеевдин айтымында, Малик Кыргызстанда жашагысы келет:

-Былтыр үй беребиз деп, анан кайра бербейбиз деп чыгышты. Ысык-Көл областынын губернатору Малик чындыгында эле барымтага алынганын текшеребиз деп, аябай капа кылган. Кимдин эле сийдик ичп, ачка 3 күн барымтада отургусу келет. Ошентип ата-энеси капаланып Бесланга кетип калган. Бирок мен бир нече жолу губернаторго кирип жатып, түшүндүрүп жатып, болбосо президентке кайрылам деп жатып, мамлекеттин үйүн берди. 25-августта Маликтин туулган күнү болуп, телефон менен сүйлөштүм. Үй алдык, сени күтүп жатабыз, келгенге даярдана бер, деп айттым. “Ата, рахмат” деп калды. Албетте, өз мекенине келсем деген ою бар, - деди Мурат Калчакеев.

Малик менен чогуу окуган 23 классташынын ичинен 15 гана бала аман калган. Алардын бири Алан Кочиев. Ал жардыруудан өтө оор жаракат алган. Денесинин 80 пайызы күйүп калган. Биз Алан Кочиевдин апасы Тицино Кочиева менен телефон аркылуу байланышканыбызда, учурда уулунун абалы мурдагыга караганда жакшы болуп калгандыгын айтты:

- Дагы эле дарыланып жатабыз. Бирок мурдагыга караганда жакшы эле болуп калды. Эми ошол күндү эстебейин дейм. Эстен кетпейт. Мага телефон чалышкан. Ушинтип мектепти террорчулар барымтага алды деп. Мен өзүмдү жоготуп койдум. Ишенгим келген жок. Көрүп отуруп барымтадан бирөө жарым тирүү келет деген үмүтүм деле жок болчу, - деди Тицино Кочиева “Азаттыкка”сүйлөгөн сөзүндө.

XS
SM
MD
LG