Эки жыл мурда трагедия болгон мектептин алдына гүлдөр коюлуп, эскерүү митинги өтөт. Бирок Москва бийлиги укук коргоочуларга Беслан курмандыктарын эскерүү митингин башкалаада өткөрүүгө уруксат берген жок. 2004- жылы 1- сентябрда Беслан мектебинде согушчандар 1200дөй кишини барымтага алып, 300 адам набыт болгон.