Эл аралык коомчулук Ливанга башынан тартып гуманитардык жардам жибере баштаган. Өлкөнүн улуттук акчасы согуштун айынан таптакыр наркын жоготуп жибербесин үчүн согуш жүрүп жаткан мезгилде эле Сауд Арабия менен Кувейт Ливанга бир жарым миллиард доллар жардам берген. 31-августта болсо Швециянын борбору Стокголм шаарында Ливанга көмөк көрсөтүү маселеси боюнча донор мамлекеттер жана уюмдардын эл аралык конференциясы болуп өттү жана анда дүйнөлүк коомчулук Ливандын чарбасын калыбына келтирүү үчүн дагы кошумча 940 миллион доллар жардам көрсөтүүгө убада берди.
Анткен менен Ливандагы абалды калыбына келтирүү жараянында тоскоолдуктар да бар. Эң негизги тоскоолдук - согуш учурунда Ливанды бардык тараптан курчоого алган Израил ал блокаданы токтото элек жана 29-30-августта Израилге Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан келип, жөөт жетекчилери жолугуп-сүйлөшкөндө дагы блокаданы токтотууга аларды көндүрө алган жок. Израилдин айтымында, Бириккен Улуттар тарабынан 11-августта кабыл алынган резолюциянын башка бөлүктөрү аткарылып, мисал үчүн барымтага алынган эки жөөт аскери бошотулмайынча, Ливандын блокадасын дагы Израил токтотпойт.
Маселе жөнүндө Стокголмдогу конференцияда Ливандын премьер-министри Фуад Синиора дагы айтты: "Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан айткандай, Ливанды кордогон курчоону Израил күтүүсүздөн ачпаса жана Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузуу менен өлкөнүн түштүк аймактарын басып алган жерлерден жөөт аскерлери чыгып кетмейинче, Ливандагы абалды калыбына келтирүү аракеттери, анын ичинде бүгүнкү конференция дагы өз максатына жетпейт", - деди Синиора Стокголмдо.
Ливандын премьер министрин Швециянын өкмөт башчысы Горан Перссон дагы колдоду: "Бул аскерий конфликт дагы бир жолу баарыбызга көрсөткөндөй, эч кандай согуш тынчтыкка жана коопсуздукту чыңдоого алып келбейт. Ошондуктан мен Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннанга кошулуп, Израил тараптан Ливандын блокадага алынышы токтотулуш керек деп эсептейм,"- деди Швециянын премьер-министри.
Согуштун айынан Ливан эбегейсиз жоготууга дуушар болду. Премьер Синиоранын айтымында, өлкөнүн өнүгүүсү 15 жылга артка ыргытылды. Алдын ала жасалган эсептерге караганда, согуштун айынан Ливан үч жарым миллиард доллар зыян тартты. Отуз төрт күндүн ичинде Ливан тараптан 1180 адам курман болду, алардын басымдуу көпчүлүгү - карапайым жарандар жана үчтөн бири - балдар. Андан тышкары Ливандын 970 миң жараны качкынга айланып, жер которууга аргасыз болду. Израил болсо өзүнүн 161 жаранынан айрылды, алардын кырк үчү гана карапайым жарандар.
Стокголмдогу конференция дагы уланат жана 1-сентябрда анда - Палестинага жардам көрсөтүү маселеси талкууланат. Ливандагы согуштун айынан Палестинага акыркы апталарда көп көңүл бурулбай калган, бирок бул автономиядагы абал дагы өтө опурталдуу, анын аймагынан Израилге каршы чабуулдар жасалып жатат деп жөөт аскерлери Палестинаны бомбалоону улантууда.