БИШКЕК. Москвадагы эки күндүк иш сапардын учурунда Кулов соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы, «Росатомдун» башчысы Сергей Кириенко менен жолугушуп, комиссиянын алкагындагы макулдашуулардын аткарылышын талкуулап кайтат. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, жолугушууда мунайгаз, энергетика, тоо-кен, транспорт, айыл чарба тармактарындагы кызматташтык башкы маселелер катары талкууланат. Кулов Бишкекке эртең кайтат.