БИШКЕК. Кыргызстандын сегизинчи элдик курултайынын биринчи этабы 17-сентябрда Аксы районунун Боспиек айылында, экинчи этабы рамазан айынан кийин Бишкек шаарында өтө турган болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров маалымдады. Анын айтымында, курултайда референдумга, кадр саясатына байланышкан талаптардын аткарылышы талкууга алынат. Саясатчы азыркы бийлик буга чейин курултай койгон он бир талаптын экөөнү гана аткарды деп эсептейт. Талаптар аткарылбаган шартта курултай азыркы бийликтин отставкасын талап кылышы мүмкүн.