Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

18:00 Кыргызстандык жаранды казак бийлиги Өзбекстанга өткөрүп берди


БИШКЕК. Казакстандын башкы прокуратурасы кыргызстандык Назиржон Худойназаров аттуу жаранды 31-августта өзбек бийлигине өткөрүп берди. Мындай маалымат чын экендигин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери бүгүн тастыктады жана бул боюнча жакынкы күндөрү билдирүү жасаларын кабарлады. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, өзбек бийлиги 18 оор кылмыш боюнча издөө салган Худойназаровду Казакстандын атайын кызматы 11-июлда Астанада кармаган. Тагылган айыптардын катарында киши өлтүрүү, терроризм, улуттук, расалык, диний чагым өндүү айыптар бар.

XS
SM
MD
LG