Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

ОКУУ ЖЫЛЫ ЖАҢЫ, ПРОБЛЕМАЛАР ЭСКИ


Бүгүн 1-сентябрда бардык окуу жайлар үчүн жаңы окуу жылы башталды. Өлкөдөгү мектептер жаңы окуу жылына көп жылдар бою чечилбей келаткан эски проблемалар менен келишти. Мугалимдердин жана окуу китептеринин тартыштыгы, бюджеттик каржылоонун өп-чаптыгы, педагогдордун социалдык жактан корголбогондугу, каруусу бош үйбүлөлөрдүн балдарынын мектепке бара албай жаткандыгы агартуу тармагында курчуган проблемалар болуп саналат.

Коңгуроо кагылып жаңы окуу жылы башталып, окуучулар менен мугалимдер сагынган мектептерине кайтып келишти. Мектепте аларды баягы эле эски проблемалар тосуп алды. Мугалимдердин, окуу китептердин тартыштыгы, бюджеттик каржылоонун өп чаптыгы мектептин колун байлаган проблемалар болуп саналат. Жалпы республика боюнча үч миңден ашуун мугалим жетишпейт. Жыл сайын педагогикалык окуу жайларынан миңдеген жаштар окуп чыгып жатса дагы мугалим тартыштыгы жоюлбай, бул кейиштүү көрүнүш көп жылдар катары менен кайталанып келатат. Мунун негизги себеби, мугалимдердин эмгек акысы аябай эле аз, алар социалдык жактан корголгон эмес, мамлекет турак-жай, жана башка маселелерден жакшы жардам бере албайт.

- Айлыгыбыз аз, мугалимдердин үй-жай маселеси шаарда чечилген эмес. Он, жыйырма жылдап кезекке турса да үйгө жетпей жүргөндөр көп,- дейт бишкектик мугалим Жамал Нурсеитова.

Билим берүү министрлиги жаш адистерди мектепке байырлатуунун амалын көрүп, эки жылдан бери «Жаш» мугалимдин депозити» программасын ишке ашырып келатат. Бул программа боюнча тандалып алынган жаш мугалимдер эмгек акыдан сырткары депозиттик эсебине ай сайын эки миң сомдон үч жыл катары менен алып турат. Бул программа боюнча иштеп аткан педагогдордун саны республика боюнча миңге да жетпейт. Мамлекет бул программадагы орундардын санын көбөйтүү жана депозитке берилген акчанын көлөмүн көтөрүү жагын ойлонуштурууда, анткени азыркы аракеттерден сезилерлик натыйжа болбой келатат.

Мектептерде өткөн окуу жылынан баштап чечилген орчундуу маселе кенже класстардын окуучуларына бир маал тамак бериле баштады. Өткөн окуу жылында бул маселе алыскы тоолуу райондордо чечилген эле, быйылкы окуу жылынан баштап кенже класстын окуучуларына акысыз тамак уюштуруу Бишкек шаарындагы мектептерде да колго алынды, дейт шаардык билим берүү башкармасынын начальниги Вячеслав Красиенко:

-Ар бир окуучуга беш сомдон акча тура келет экен. Албетте, бул аз экенин баарыбыз билебиз. Ошондуктан, бул акчаны сегиз же он сомго көтөрүү жагын эсептеп, шаардык кеңештин сессиясына алып чыккан жатабыз,- дейт Красиенко.

Мектеп турмушундагы дагы бир жаңылык - жакында Өкмөт ата-энелерди мектептин ремонтуна жана окуу китептин аренда акысына акча төлөөдөн бошоткон чечим чыгарды. Окуу китептерди чыгарууга жана мектептердин ремонтуна мамлекеттик бюджеттен 200 миллион сом каралып бөлүнүп берилүүдө. Бирок, мектеп адистери ата-энелердин көмөгүсүз мектептерди окуу китеп менен камсыз кылуу баары бир кыйын болот деп эсептешет.

Кыргызстанда мектептердин басымдуу көпчүлүгү айыл жеринде жайгашкан. Шаар мектептерине караганда айыл мектептеринин кем-карчысы көп, каражаты аз, ошол себептүү элеттеги мектептерде окуу сапаты жылдан жылга төмөндөөнүн үстүндө келатат.
Мамлекет айыл мектептерин көтөрүүгө чет жактан жардам сурап, былтыр Дүйнөлүк банктын жардамы менен айыл мектебин өнүктүрүү боюнча 15 миллион доллардык долбоорду ишке ашырып баштаган.

Кубат Чекиров, Бишкек
XS
SM
MD
LG