БИШКЕК. 5-7- сентябрь аралыгында Бишкекте «Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы» деп аталган эл аралык конференция өткөнү жатат. Ага он беш өлкөдөн коноктор чакырылган. Кыргызстандын муфтиятынын демилгеси менен өтө турган бул иш чарага мусулмандардын дүйнөлүк Лигасы колдоо көрсөтмөкчү. Бул уюмдун 38 өлкөдө өкүлчүлүктөрү бар. Бул тууралуу «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов кабарлады.