БИШКЕК. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Казакстанга кечээ түштөн кийин жөнөп кеткен. Расмий булактардын маалыматына караганда бул саммитте аймактагы гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу маселеси талкууланып, концорсиум түзүү жагдайы каралат. Ушул эле жолугушууда Борбор Азиялык биримдик түзүү маселеси да күн тартибине коюлушу күтүлүүдө.