Европа Биримдигинде учурда төрагалык кылган Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиоянын айтымында, уран байытуу иштерин токтотпогону үчүн Иранды жазалоо азырынча эрте. Анткен менен Биримдиктин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солананын пикиринде, азыркыдай абал түбөлүккө улана бербеш керек. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктеги АКШнын өкүлү Грегори Шульттун айтымында болсо, Иран жүргүзүп жаткан өзөктүк изилдөөлөр аскерий максатты көздөбөгөнүнө кепилдик жок: "Өзөктүк кубаттын тынчтык максатында пайдаланганын биз колдойбуз жана ага Ирандын да укугу бар. Бирок Агенттиктин төрагасы Мохамед Элбарадеи үч жылдан бери Ирандын изилдөөлөрү аскерий максатты көздөбөгөнүн далилдей албай жатат", - деди америкалык өкүл 1-сентябрда. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 31-июлда атайын чечим кабыл алып, уран байытуу иштерин Иран бир айдын ичинде токтотуш керек деген, бирок Тегеран ал чечимди аткарган жок. Президент Махмуд Ахмадинежад 1-сентябрда билдиргенге караганда, Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотпойт, анткени алар аскерий максатты көздөбөйт.