Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Тегеранга кызмат сапар менен Бириккен Улуттардын баш катчысы келди


Бүгүн Тегеранга кызмат сапар менен Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан келип, өлкө жетекчилери менен Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселени жана жакында Ливанда болуп өткөн согуштун себептери менен кесепеттерин талкуулайт. Кечээ күнү Аннан Дамаск шаарында Сириянын президенти Башар Ассад менен жолуккан жана Ассад - Сирия менен Ливан ортосундагы чек арага эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн жайгаштырылышына каршы чыккан. Сириянын тышкы иштер министри Валид Муалемдин айтымында болсо, чек ара аркылуу Ливандагы "Хизбалла" уюмуна эч курал өткөрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG