Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ирандын Мешхед шаарында Орусияда өндүрүлгөн 'Ту-154' учагы кыйрады


Кечээ күнү Ирандын Мешхед шаарында Орусияда өндүрүлгөн "Ту-154" учагы кыйрагандан 29 адам набыт кетип, дагы 43 киши жараат алды. Учактын ичиндеги 75 башка адам, алардын ичинде учкучтар дагы тирүү калды. Учак конуп баратканда анын сол канаты жерге тийип кеткенден өрт чыккан. "Iran Air Tours" компаниясынын президенти Мехди Садегинин айтымында, иликтөө башталды: "Ирандын Авиация коому атайын эксперттер тобун түздү жана иликтөө башталды. Алар кыйроонун себептерин аныктайт жана иликтөөнүн жыйынтыктары ачык жарыяланат", - деди Садеги 1-сентябрда. 22-августта башка бир "Ту-154" учагы Украинанын үстүндө кыйрагандан анын ичиндеги бардык 170 адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG