Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:47

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Ирандын атомдук программасы дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептешет


МАГАТЭнин докладында айтылгандай, Тегеран БУУнун коопсуздук кеңеши берген мөөнөттүн ичинде уран байытуу процессинен баш тарткан жок.
Батыш Иран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп чочулайт. Тегеран болсо мындай айыптоолорду четке кагууда.
Германиянын тышкы иштер министри Франк Валтер Штайнмайер биримдиктин тышкы иштер министрлеринин Финляндиядагы жолугушуусунда сүйлөп, Еврошаркет кризисти басаңдатууга кызыкдар, бирок Иран өкмөтү да сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин көргөзүүгө тийиш деп белгиледи.

Ошол эле жыйында министрлер Россия менен Ирандын стратегиялык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Тараптардын 1996-жылы түзүлгөн келишиминде адам укуктары, демократиялык реформаларга жетиштүү көңүл бурулган эмес деген сын көп айтылууда.
Жаңы макулдашууда соода, адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү, энергетикалык кызматташуу чагылдырылмакчы.

XS
SM
MD
LG