Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КЫРГЫЗСТАН 100 ЖЫЛ МУРДА МАННЕРГЕЙМДИН КӨЗҮ МЕНЕН ЖАНА ЭГЕМЕН ЭЛИНЕ ЫР СУНГАНДАР


Узап бараткан аптанын маданий окуялары

Илимде, маданиятта жана спорт тармагында зор ийгиликтерди жараткандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Аталган сыйлыктарды дүйшөмбү күнү өкмөт үйүндө мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тапшырды. Алардын айрымдарын атай кетсек, республиканын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн артист Кыргызбай Осмоновго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылды. Маданиятка сиңирге зор эмгеги жана адабияттагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн жазуучу Кадыркул Өмүркуловго “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардактуу наам берилди. Ал эми кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Гермес профи” спорттук клубунун жетекчиси Александр Воинов “Данакер” ордени менен сыйланды. Мындан тышкары бир катар алдыңкы адамдарга Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Бул жумада көз карандысыздыктын он беш жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Мисалы Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Динара” продюсердик борбору “Эгемендүү элиме, эркин кыргыз жериме ыр сунабыз келгиле!” аттуу чоң шоу-концертин тартуулады. Концертте кыргыз эстрадасында белгилүү болуп калган ырчылар жана жаңыдан чыгармачылыкка аралашып келе жаткан жаш таланттар өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул концерт менен катар эле “Чоң куудулдар топтолду, чогуу күлгөн эп болду” аттуу куудулдардын тамаша кечеси өттү. Ага Жамбыл Камчиев, Жаныбек Алыкулов, Илияз Агыбай уулу баштаган бир катар куудулдар тамаша тартуулашты.


Аптанын шаршембисинде мамлекеттик тарых музейинде “Борбордук Азия Карл Густав Маннергеймдин көз карашында” аттуу көргөзмө ачылды. Аталган көргөзмө Борбордук Азияны изилдөөчүлөрдүн бири, генерал Маннергеймдин 1906-1908-жылдардагы Кыргызстанга саякатынын 100 жылдыгына арналып уюштурулду. Анда кыргыз элинин 100 жыл мурдагы жашоосун, үрп-адат жана каада-салттары чагылдырылган 60 сүрөт көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Маданият министрлиги жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулган бул көргөзмө сентябрь айынын соңуна чейин созулмакчы.


Г.Айтиев атындагы сүрөт музейде ишемби күнү кыргыз-жапон маданият жана көркөм өнөр фестивалы ачылды. Маданият министрлиги, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи жана Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги биргелешип уюштурган бул иш-чарага Жапон сүрөтчүлөрү келишти. Иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөрдүн эмгектерин чагылдырган көргөзмө менен катар устаттык сабактар да өткөрүлдү.

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын он беш жылдыгына арналып Бишкектеги Аккула ат майданында улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, көк-бөрү боюнча президенттин кубогунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды өлкө башчысы К. Бакиев өзү тапшырды. Ошондой эле бул ат майданда ордо калаадагы театрлардын артистери даярдаган театралдаштырылган оюн-зоок болуп өттү. Эгемендүүлүктүн он беш жылдыгына арналган салтанат борбордук аянтта эстрада чеберлеринин концерти менен жыйынтыкталды.



Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG