Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

18. 00. 2007-жылга Кыргызстандын экономикалык саясаты жөнүндө меморандумдун долбоору иштелип чыкты


БИШКЕК. Бул документ Эл аралык валюта фондусу жана Кыргызстандын Улуттук банкы менен биргеликте иштелип чыкты. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда долбоор боюнча 2008-жылдын аягына чейин Кыргызстанда сактык кассасына акча салгандардын депозиттерин коргоо системасы киргизилет. Ошондой эле 2006-жылдын аягына чейин кыргыз айыл чарба каржы корпорациясы менчиктештирилүүсү каралды. Меморандумдун акыркы варианты ушул жылдын декабрь айында макулдашылып бекитилет.

XS
SM
MD
LG