Борбор Азия аймагын ядролук куралдан эркин аймакка айландыруу боюнча келишимге 8-сентябрда Казакстандын Семипалатинск шаарында кол коюлат. Бул тууралуу Кыргызстан тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди. Борбор Азия аймагын ядролук куралдан бош аймак деген келишимди Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өкмөттөрү түзүүдө.