Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

БЕСЛАНДАГЫ КЫЗЫЛ КЫРГЫНГА ЭКИ ЖЫЛ ТОЛДУ


Кечээ Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы кызыл кыргындын эки жылдыгы белгиленди. 2004-жылдын 1-сентябрында куралчандардын тобу Беслан мектебинин миңден ашуун окуучусун мугалимдер жана ата-энелери менен кошо барымтага алышып, Чеченстандагы согушту токтотууну талап кылышкан. 3- сентябрда окуучуларды барымтадан бошотуу операциясы учурунда 330дан ашуун адам набыт болгон. Ошондой эле 30 чамалуу согушчан да жок кылынган.

Беслан мектебинин окуучулары менен мугалимдерин жана балдардын ата-энелерин барымтадан бошотуу операциясы маалында өлгөн 330дан ашуун адамдын теңинен көбү жаш балдар болушкан.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Олег Кузовдун билдиришинче, 3-сентябрь күнү таң эртеден эле калабада курман болгондордун урук -туугандары бүтүндөй Түндүк Осетиядан Бесландын № 1-мектебине келишти:

– Таң эртеден 1- мектепти тегерете гүлдөр жана гүлчамбарлар коюлду. Жакындарын жоготкон көптөгөн адамдар түндү мектептин спорт залында өткөрүштү.

Олег Кузовдун маалымдашынча, 3-сентябрь күнү Беслан мамырлыкка батып, ырасмий жыйындар өткөрүлбөдү жана шөкөттөлгөн саясый сөздөр сүйлөнбөдү.

Жергиликтүү убакыт боюнча, түшкү саат бирден беш мүнөт өткөндө аза музыкасы ойнолуп, жалпы Түндүк Осетиянын эли бир мүнөт үнсүз туруп, маркумдарга изат көрсөтүштү. 2004-жылдын 3-сентябрында дал ушул убакта россиялык аскерлер эки күндөн бери согушчандардын чеңгелинде отурган адамдарды бошотуу операциясын мектепти замбиректен аткылоо менен башташкан.

Түштөн кийин бир топ адамдар шаардык көрүстөнгө барып, зыярат кылышты. Бирок, Олег Кусовдун сөзүнө караганда, көпчүлүк эл жергиликтүү салтты тутуп, жакындарын үйлөрүндө отуруп эскеришти:

-Бесландыктар –осетиндердин салтына жараша- жакындарын үйлөрүндө эскерели деп чечишти. Осетиндердин салты боюнча аза күтүү коомдук жайда эмес, үйдө болуш керек.

Бесландагы кандуу булоондун эки жылдыгы күнү укук коргоочулардын тобу Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын маңдайына чогулушуп, кызыл кыргын жөнүндөгү чындыкты ачыкка чыгарууга чакырган ураандарды көтөрүп турушту. Уруксатсыз демонстрациянын катышуучуларын полиция ур-токмокко алып, бир нече укук коргоочуну кармап кетти.

330дан ашуун адамдын өмүрүн алган кандуу окуя үчүн согушчандар жооптуубу же бул коопсуздук күчтөрүнүн опсуз аракетининин натыйжасыбы? Бул суроого бийликтер бүгүнгө дейре так жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG