Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

КАРЕЛИЯДА УЛУТТАР АРАСЫНДАГЫ КАГЫЛЫШ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ РИА Новости агенттиги жазганга караганда, Карелиянын Кондопога шаарында кавказдык элдер иштечү соода түйүндөрүн талкалоо үчүн чыккан көпчүлүктү милиция кууп таркаткан. Башаламандыктын чыгышы 30-августта кавказдык кишилер ээлик кылган ресторанда массалуу түрдө чыккан мушташтан улам башталган. Мушташ учурунда 2киши өлүп 10дой киши жарадар болушкан. Өлгөндөргө кавказдыктар күнөөлүү деп эсептеген кондопогалыктар ошондон бери улам жаңы башаламандыктарды чыгарышууда.

Орусиянын түндүк батышында, Финляндия менен капталдаш жаткан жумурият Карелияда кавказдыктарга, так айтканда, чечендерге каршы кыйлалаган киши катышкан козголоң чыгып, басылбай атат. Чечендерге тийешелүү соода түйүндөрү, машине коюучу жайлары, ресторандары кыйратылып же өрттөлүп атат. REGNUM агенттиги 3-сентябрге караган түнү Кондопогада кавказдыктардын жайын өртөө 11 жолу болгонун белгилейт.

Шаршембиде «Чайка» ресторанында (аны кармаган – ММ) чечендер жана орустар болуп жаатташып мушташуудан кийин жергиликтүү калктын койгон талабы - кавказдыктардан базарларды тазалоо болгон.

Карелия жумуриятынын президенти Сергей Катанандов айтканга караганда, ишембиде башка жактан келген кишилердин жергиликтүү жаштардын колтугуна суу бүркүүсү астында көпчүлүктүн көчөгө чыгуусу уюштурулган. Кондопогадагы башкы базардын жанында алар бийликтен уруксатсыз митинг өткөргөн.

Жекшембиде Карелия сыналгысы аркылуу айткан пикиринде Сергей Катанандов керек болсо күч колдонуп да тартипти орното тургандыгын билдирди:

«Биз улуттар арасында кармаштын чыгышына жол бербейбиз. Эмне дегенде алардын (көчөгө чыккандар – ММ) бир урааны кавказдыктарга каршы болду», - деген жумурият жетекчиси.

ИИМ билдиргенге караганда митингге бир жарым миңдей киши катышкан. Анын катышуучулары жыйындан соң кавказдыктардыкы деген кумар ойночу автоматтар, көк дүкөндөр, ресторандарды бүлдүрүшкөн. ОМОН кийлигишип араң дегенде басышкан жана алардын арасынан 109 киши кармалган.

Дагы бир маалыматта бул жергиликтүү соода чөйрөсүн кайра бөлүштүрүүдөн улам болуп аткан иш. «Новые известия» алтынчы күнү митингде «кайсы бир чарбалык иштерди орус ишкерлеринин пайдасына чечүү» талабын бийликке билдирген деп жазат.

Прокуратура болсо ээнбаштык жана киши өлтүрүү беренелери астында кылмыш ишин козгогон.

«Улуттук касташуу себеп болуп киши өлтүрүү бул иште негизги болжол катары каралбайт», - деди прокурор Александр Кумиров.

XS
SM
MD
LG