Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН АФИШАСЫНДА ЭМНЕ БАР?


Бүткүл дүйнөлүк эпос фестивалы 5-9-сентябрда Бишкекте болот. Ысык-Көлдө 8-10-сентябрда кинематографистердин биринчи эл аралык курултайы өтөт.6-сентябрда Алматыда биринчи эл аралык театр фестивалы башталат.

Бул жумада өтүүчү маданий окуялардын орчундуусу -Бүткүл дүйнөлүк эпос фестивалы. 5-9-сентябрда боло турган бул иш-чарага Америка, Япония, Кытай жана башка бир катар мамлекеттерден өкүлдөр келишет. Бул фестивалдын программасы туурасында маданият министри Султан Раев буларды билдирди:

-Бул фестивалдын программасы эки фазада өтөт. 6-сентябрда Ала-Тоо аянтында расмий ачылышы болот. Ушул жерде бүткүл дүйнөлүк эпостордун парады болот. Экинчиден башка мамлекеттен келген артисттер фольклордук, традициялык искусствого жана эпоско байланышкан чыгармаларын тартуулашат.

Ошондой эле фестивалдын алкагында эл аралык симпозиум болот. Эпосту мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору деген темада өтүүчү бул симпозиумга эпосту изилдеген дүйнөлүк ысымдагы интеллектуалдар келишмекчи. Бүткүл дүйнөлүк эпос фестивалынын алкагында ошондой эле боз үйлөрдүн кароо-сынагы өткөрүлөт. Ага карата борбордон, облустардан ошондой эле жеке ишкерлерден өтүнүчтөр түшүүдө. Маданият министрлигинин аймактарда маданиятты өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Анара Боталиеванын айтымында боз үйлөр борбордук аянтка тигилет. Бул кароо-сынактын жыйынтыгы 6-сентябрда чыгарылып, катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Ысык-Көлдө 8-10-сентябрда кинематографистердин биринчи эл аралык курултайы өтөт. Бул иш-чарага Оруссия, Украина, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана башка бир катар мамлекеттерден өкүлдөр келишет. Бул курултай кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жетекчилиги алдында өтмөкчү.

Кыргыз сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин Германия Федеративдүү республикасынын Эшборне шаарында өтүп жаткан көргөзмөсү жума күнү жыйынтыкталат. Бул көргөзмөдө сүрөтчүнүн 80ге жакын сүрөттөрү, ошондой эле графикалык эмгектери жана айкелдери коюлган.

6-сентябрдан тартып, 13-сентябрга чейин Алматыда биринчи эл аралык театр фестивалы өтөт. Ага Кыргызстандан Ош драма театры С.Раевдин “Кашар” аттуу пьесасынын негизинде сахналаштырылган спектакли менен катышат.

Тогузунчу сентябрдан он үчүнчү сентябрга чейин Алматыда “Шакендин жылдыздары-2006” эл аралык кинофестивалы өтөт. Ага кыргыздын жаш кинорежиссерлору Марат Алыкулов “Чек ара” жана Эмил Жумабаев “Кыш” аттуу кыска метраждуу тасмалары менен катышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG