Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

КЫРГЫЗСТАН – ТҮРКИЯ: АЗ ИНВЕСТИЦИЯ, КӨП ИШКЕР


Кыргызстанда түркиялык ишкерлердин ири инвестициясы жок дээрлик. Анын ордун түрк ишкерлеринин орто жана чакан бизнеси ээлеген. Эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катыштын орчун маселелери президент К.Бакиевдин Түркиядагы расмий иш сапарында козголмокчу.

Кыргызстандыктарга түркиялык «Веtа stores», «Vefa» ири соода, «Себат» билимканасы, «Манас», «Алатоо» жогорку окуу жайлары жакшы тааныш. «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талаш тууралуу да көпчүлүктүн кабары бар. Анткен менен азырынча Кыргызстанга түркиялык ири инвестиция келе элек. Анын себебин кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, «Акун» компаниясынын президенти Чыныбай Турсунбеков базар мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу түшүндүрөт.

- Энергетика системасы болобу же болбосо уюлдук байланыш дейбизби, ушундай чоң иштерге келсе, албетте, инвестиция көп болмок. А бирок адам саны жагынан көп эле келип жатат. Орто, чакан бизнестин өкүлдөрүнөн келип бизнес жасагандары аз эмес.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мамбетжунус Абыловдун ырасташынча, кийинки жылдары эки өлкөнүн өкмөттүк ортолук комиссиялары активдүү иштебей, экономикалык карым-катыш маселесине салкын-суз мамиле жасалып калган.

- Андай комиссия түрк тарабынан түзүлүп, анан алар силер да түзгүлө, экөө чогулуп алып иштешсе жакшы болор эле деп сунуш киргизишкен. Ага биз тараптан, өкмөт тарабынан убагында жакшы көңүл бурулбаган.

Ортодогу экономикалык карым-катышка салакасын тийгизген дагы бир орчун маселе - өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийинки талап-тоноолордон жапа чеккен түркиялык ишкерлердин проблемасынын эмдигиче чечилбей келатканы. Буга кошумча, өкмөт кепилдиги менен алынган түркиялык 75 миллион доллардын кайрымжысынын көрүнбөй жатышы да тууганчыл мамилеге терс таасирин тийгизүүдө.

Ири кредиттин ичинен ишке ашкан «Пинара – Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талаш дагы кыйлага созулчудай. Сот 2005-жылдын 24-мартынан кийин басылып алынган мейманкананы кыргыз-малайзиялык «Аккеме» ишканасынын ээлигине өткөрүү тууралуу чечимин чыгарып, өкмөт Р.Сарымсаков менен мунаса келишим түздү. «Аккеменин» мурдагы ээси түркиялык «Систем Мюхендислик» компаниясынын президенти Фехим Енижеге каршы Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

Руслан Сарымсаковдун айтуусунда, мейманкана иштей баштаган 1996-жылдан бери эле талаштан башы чыкпай келатат.

- Ушу кезден, 1996-жылдан баштап талаш чыкты. Менчикти, кадимкидей эле дүйнө-мүлктү бөлүштүрүү башталды,- дейт Р.Сарымсаков.

Кыргызстандын сот чечимине түркиялык тарап канааттанбай, адилет сот чечими чыкканча бу талаш дагы узара бере тургандыгын Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман айымдын да ырастаган жайы бар.

- Соттук териштирүү нака адилеттиктин салтанаты болуш керек. Мен мындай деп ойлойм, азырынча андай адилет сот чечими чыга электе, андайга жетише электе кимдир бирөөлөр тууралуу аркыл сөздөрдү айтуунун кажети жок,- дейт Серпил Алпман айым.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мамбетжунус Абылов мейманканадан ажыраган түркиялык «Систем Мюхендислик» компаниясынын президенти эларалык сотко кайрылып жатканын ырастады. Мындан келди, ортодогу талаш дагы кыйлага узарчудай болуп калды окшойт.

XS
SM
MD
LG