Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

ЖООКЕСЕПТИН ЖООБУ ЖАНДЫ КАШАЙТТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ушул жазда Кадамжайдагы чек араны бузуп кирген куралдуу топтун колго түшкөн калдыктары сотто суралууда.

Кадамжайда 12-майда жок кылынган куралдуу топтун арасынан тирүүлөй колго түшүрүлгөн Муралым Рахманов сотко берген көрсөтмөсүндө такси айдап жүрүп кылмыштуу топтун колуна барымтага түшүп калганын, коркконунан аларга кызмат кылууга аргасыз болгондугун билдирди.

- Алар мени тоонун жарымына чейин куралдарды моюнума асып коюп алып барышты. Ал учурда атышуулар күчөп кетти. Анан алар өздөрү өйдө көтөрүлүп кетишип мени унутта калтыргандай болду. Кийин мени өйдөдөн чакырышты. Барган жокмун. Бир маалда оор жарылуудан соң эстен таныпмын.

Сот жараянына бир эле учурда жабырлануучу жана күбө катары катышып жаткан Кадамжай чек ара отрядынын кызматкери Акжол Киманов болсо атышуу жүрүп жаткан учурда Муралым Рахманов куралдуу топтун калган мүчөлөрүндөй эле агрессивдүүлүк менен аракеттенгендигин белгилеп, аны жогорку даярдыктан өткөн чыныгы жоокесеп катары сыпаттады.


- Кыргызстанды коргойм деген балдардын канчасы өлүп кетти. Ошол маалда кармаганда сен жок болот элең. Сага окшогондорду соттобой эле, атыш керек, – деди Акжол Киманов.

Сот жараянынын жүрүшүндөгү талкууларда айыпкер Муралым Рахманов өзүн күнөөлү деп эсептебей тургандыгын айтып коюлган айыптоолордун бардыгын четке какты. Анткен менен мамлекеттик айыптоочу Рыскулбек Бактыбаев аталган айыпкердин жоочулардын арасында барымтада калгамын деп айткан ишендирүүсүн төгүндөй турган бир катар учурлар бар экендигин белгилеп өттү.

- Булар үйгө кирип сүйлөшкөндө барымтадагы адам сыртта өзү жалгыз калып атат. Качып кеткенге мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал барымтада болгон эмес, чогуу эле жүргөн. Автоматтарды көтөрүп качып кетип аткан учурда тигилер атканда башкага тийип, ошол жерден эсинен танып жатып калган. Колго түшүрүлгөн мезгилде жанында 4 автомат октору менен бар болчу. Барымтадагы кишиге 4 автоматты берип койобу ошончо ок менен, - дейт Рыскулбек Бактыбаев.


Сүрөттө: Террордук кылмышка катышы бар деп айыпталып жаткан Муралы Рахманов менен Нурулло Кожоев.

XS
SM
MD
LG