БИШКЕК. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта карышкыр адамдарга кол салган окуя Чаткал районунун Шакафтар жана Сумсар айылдарында 5-сентябрда болгондугу айтылат. Карышкыр адамдардын колу-бутун, бети-башынан бери тиштеп, катуу жабыр келтирген. Жырткычтан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Окуя болгон жерге санитардык жана ветеринардык кызматтын адистери барып, иштин жайын иликтеп, сактануу чараларын көрүшкөн. Жырткыч айбанды кармашып, өлтүрүп, башын лабораториялык изилдөөгө алганда анын кутурган карышкыр экени аныкталган.