Америкалык "Атлантис" чөлмөгү космоско алгач 27-августта учурулат деп пландалган, бирок 25-августта ага чагылган тийгендиктен, учуруу күнү жыйырма тогузуна калтырылган. Анткен менен дал ошол мезгилде АКШнын түштүк жээгине "Эрнесто" деген бороон-чапкын тийиши мүмкүн деген чочулоолордон улам, учуруу 6-сентябрга жылдырылган. Адистердин айтымында, чөлмөктүн учурулушу үчүн эң ыңгайлуу убакыт - алтысынан 8-сентябрга чейинки мезгил жана эгер кайсы бир себептерден ал ушул күндөрдө учпай калса, учуруу мөөнөтү октябрдын аягына калтырылышы мүмкүн.
Америкалык чөлмөк менен удаа Эл аралык космос станциясына орусиялык "Союз" кемеси да учурулат жана эгер "Атлантис" августтун аягында учканда, "Союз" кемеси космоско 14-сентябрда чыкмак. Бирок кечигүүлөр менен байланыштуу "Союздун" учуу мөөнөтү эми 18-сентябрга дайындалды жана Орусиянын "Энергия" деп аталган космос корпорациясынын президенти Николай Севастьяновдун айтымында, эми америкалык чөлмөк 8-сентябрга чейин да учпай калса, "Союз" кемесинин учуу мөнөтү өзгөрүлбөйт.
Азыр Эл аралык космос станциясында эки космонавт -америкалык Жеффри Уильямс жана орусиялык Павел Виноградов иштеп жатат. Жаңы "Союздун" ичинде болсо үч адам болот - америкалык жана орусиялык космонавттар Михаил Тюрин жана Майкл Лопес-Алегриа менен кошо турист аял Аньюша Ансари учат. Ал космос станциясында 10 күн болуп, кийин Уильямс жана Виноградов менен жерге кайтып келүүгө тийиш.
Алгач космоско жапониялык турист учат деп белгиленген, бирок август айында ал акыркы медициналык текшерүүдөн өтө албай калгандыктан, анын ордун Иранда туулган америкалык жаран Аньюша Ансари басты. Туристтер космоско барып келүү үчүн Орусияга 20 миллион доллардан төлөйт.
Мурда Эл аралык космос станциясында экиден гана адам иштей алчу жана акыркы америкалык чөлмөктөр ага жетиштүү аспап жеткиргенден кийин станцияга үч адам батып калды. Азыркы "Атлантис" чөлмөгү станцияга жаңы күн батареясын алып барууга тийиш жана эмдиги жылы ага дагы бир ири батарея жеткирилгенден кийин станцияга - Европалык космос агенттиги тарабынан курулган лабораторияны жеткирсе болот.
Британиялык "Космос учуулары" деп аталган журналдын редактору Клив Симпсондун айтымында, ал лаборатория космосто орнотулгандан кийин станциянын мүмкүнчүлүктөрү бир топ кеңейет: "Европалык лаборатория 'Колумб' деп аталат жана план боюнча ал чөлмөк кемелери менен станцияга 2007-жылдын сентябрь же октябрында жеткирилет. Аны менен кошо космоско немис астронавты да учууга тийиш жана лабораторияны куруп-орнотууга баш-аягы эки жылдай кетет", - дейт Симпсон.
Анын айтымында, андан соң космоско орусиялык жана америкалык кошумча аспаптар да жеткирилгенден кийин, Эл аралык космос станциясында бир мезгилде беш адам жашап-иштеп калат.